Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Саламат Садыкова: Өз жеримде өгөйлөнүп, бут тосууларга кабылып жатам


Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова Испаниядагы эл аралык фестивалга катышып келген соң "Азаттыкка" бул сапардын таасирлери, учурдагы чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берди.

- Саламат айым, Испанияда өткөн музыкалык жарманке фестивалына дагы кайсы өнөрдү аркалаган өнөрпоздор катышты?

- Менеджерлер, продюсерлер, композитор, сүрөтчүлөр жана ошондой эле киноишмерлер катышты. Жалпылап айтканда бул фестиваль көркөм өнөрдүн баардык тармагын камтыйт экен.

- Бул фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн да өнөрпоздор барыштыбы?

- Жок, жалгыз мен катыштым. Коңшулаш Казакстандан буга чейин да эч ким катышпаптыр, бул жолу да барган жок. Борбор Азия өлкөлөрүнөн жеке из салып мен барыптырмын. Бир жыл мурун жоон топ комиссия карайт экен, жарайт, жарабайт деп. Анан ошол комиссиянын ойлорунун ортосунан чыгыптырмын. Былтыр да ушул фестивалга чакыруу алганмын. Бирок каражат тартыштыгынан бара албай калгам. Бул жолу баардык чыгымды уюштуруучулар көтөрүштү.

- А сиз кандайча чакыруу алып калдыңыз?

- Бир жыл мурун америкалык “Фольтпродакшн” деген музыкалык компания менин резюмемди койгон экен. Дүйнө жүзүнөн 600 резюменин ичинен 60 резюме тандалып алыныптыр. Анын ичинде мен да өтүп, концерт берип келдим.

- “Фольтпродакшн” музыкалык компаниясы менен сиз буга чейин эле кызматташып келдиңиз беле?

- Ооба, аталган компания менен 2 жыл мурда эле кызматташа баштаганбыз. Бул компания дүйнөлүк чыгармачыл адамдар менен иштешет экен, мага да концерттериңизди чет өлкөлөрдө өткөрүп берели деген сунуштар менен кайрылышкан. Мен баардык жагын карап чыгып, макул болгом.

- Мына ушул фестивалдын көрүүчүлөрү сиздин концертти кандай кабыл алышты?

- Өтө чоң кызыгуу менен угушту. Залда чоочун адам болгон жок, жалаң эле искусствонун тегерегиндеги кыйындар отурушту. Анан ошол адамдар угуп олтуруп, өзүнүн пикирин айтат экен. Жыйынтыгында концерттен кийин бир топ адамдар курчап, суроо салып атышты.

- А сиз кайсы чыгармаларыңызды тартууладыңыз?

- Мен алгач Токтогул атабыздын сөзүнө жазылган Эгинчиевдин “Алымкан” деген чыгармасынан баштадым. Эми бул кыргыздын элдик классикасына кирип калган чыгарма да. Андан кийин чыгармаларды өзөктөштүрүп Апаз Жайнаковдун “Өрүкзарга кетели” деген композициясы менен уланттым. Кийин Атай Огомбаевдин “Эсимдесин” аткарып, элдик чыгармалардан “Кызыл гүл”, казак элинин да ырларына кайрылып, аягында Муса Баетовдун “Арпанын ала тоосунан” деген чыгармасы менен жаптым.

- Ушул концерттен кийин башка компаниялардан да сунуштар түштүбү?

- Ооба сунуштар болду. Бирөө “Англис тилдүү өлкөлөргө кетесиз го эми токтолбой эле, андыктан маектешкенге тил үйрөңүңүз”- деген пикирин айтты. Анан Арабиядан келген бир телевидениенин өкүлү, эмки жылы күз айларына балким чакырам деп кетти.

- Сиз буга чейин да бир катар өлкөлөрдө болуп, талантыңызды тартуулап келгенсиз да, ал эми бул жолку чыгармачылык сапардан кандай таасирлер менен кайттыңыз?

- Өзүм катуу толкундандым. Бул сапарга бара жатканда буга чейин көрүп жүргөн сапарлардын бири деп эле ойлогом. Бирок мен ойлогондон жогору чыкты. Европага эшик ачылып, кадам таштап, чордонунда барып ырдагандын өзү эле чоң жетишкендик да.

- Ушул аптада Москвада концерт берет экенсиз, кеп учугун ошого бурсаңыз.

- 15-ноябрда учуп барып эле кечинде концерт берем. Орусияда ШКУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтүп жаткан экен. Ошонун алкагында КМШ өлкөлөрүнүн көркөм өнөр чеберлери катышкан маданий программа болот экен. Мына ошого Кыргызстандын атынан менин жеке концертимди берүүгө мүмкүнчүлүк беришти.

- Соңку убактарда сиздин Казакстанга да байма-бай каттай баштаганыңыз тууралуу кептер айтылууда, мунун канчалык чындыгы бар?

- Ушул турган Казакстанга он жылдар бутум баспай калды эле. Чыгармачыл адамдын жолун тосуп, жолтоо кылган адамдардын кесепетинен менин жакшы жылдарым өтүп кетти. Бул казактарга мен күн санап барып, ырдап турчу кыздардын бири элем. Азыр эми жолумду ачып, көмөктөшүп аткан жери жок, бирок кандайдыр бир кудайдын кудурети менен жолум түшүп, жеке байланыштар менен барып ырдап жатам.

- Улуттук филармониядан иштен кеткениңиз тууралуу баары кабардар болсо керек, ал жакка кайра барып иштейин деген оюңуз барбы, чакыруулар болуп атабы?

- Тилекке каршы андай сунуш болгон жок. Тескерисинче, Маданият министрлиги тарабынан эч бир маданий иш чараларга кошулбай калдым. Өлгөн кишини деле эстеп жатышат, мен такыр жок кишилердин катарына кирип калгам. Чет мамлекеттерге элимди даңазалап ырдап жаткандан башка зыяным жок да. Анан ушул жагынан чымындан төө жасашып, басмырлап, кандайдыр бир деңгээлде өгөйлөп жатканы чындык.

- Мына ушундай мамиледен улам башка өлкөгө кетип калуу оюңузда жокпу?

- Кудай сактасын, мен кетпеймин. Бул нерсени күтүп жаткан бирин-экин адам бар чыгаар арабызда. Алардын тилегин таш капсын, мен эч качан кетпеймин. Мейли бир-эки кыргызга өгөйлөнсөм дагы, менин улуу касиеттүү кыргыз жерим бар, кыргыз элимден айланайын. Ошол элим үчүн каруум каржалып калганча, кийинки муундарга кызматымды жасай берем.

XS
SM
MD
LG