Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Бул жумада “Досум Үсөн” тобунун солисттери, чыгармачыл жубайлар Денис менен Жанета жеке чыгармачылык кечесин тартуулашат.

Бул кече мааракелик концерт деп билдирди Жанета Бобкова. Анын айтуусунда кечени “Досум Үсөн” тобунун жалпы жамааты, кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова, белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева жана башка бир катар өнөрпоздор коштойт.

Ольга Мануйлованын үй музейинде “Дайыма жарык болсун” деген аталыштагы прикладдык көркөм өнөрдүн көргөзмөсү ачылды. Анда чеберлер Марина Дагай жана Елена Маккеванын кол өнөрчүлүктөн жаралган эмгектери коюлган. Көргөзмө эки жумага созулат.

22-ноябрда Бишкекте кыргыз-жапон борбору “Алтын күз” музыкалык фестивалын уюштурат. Бул иш-чарага Жапониядан келген волонтерлор менен кыргыз өнөрпоздору да катышат деп билдирди фестивалдын уюштуруучуларынын бири Венера Мелисбек кызы.

Программада жапондордун улуттук аспапбынын коштоосунда жапон музыкалары жаңырат. Ошондой эле жапон элинин улуттук бийлери сунушталат. Ал эми кыргыз өнөрпоздорунан “Шаттык” бий ансамбли жана Курмангазы Азыкбаев жетектеген “Эне-Сай” фольклордук тобу келишет.

Орус драма театрынын артистери бул жумада италиялык жазуучу Клод Маньенин “Блез” комедиясын жана балдар үчүн жомок тартуулашат.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын артистери бул жумада “Аида” операсын жана “Чолпон” балетин көрсөтүшөт.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Владимир Файзыевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыл калем чеберинин живопись жанрында тартылган эмгектери коюлган. Көргөзмө 30-ноябрга чейин созулат.

Улуттук китепкананын “Оту өчпөгөн талант ордосу” адаттагыдай эле ишемби күнү поэзия кечесин өткөрөт. Ага аталган борбордун мүчөлөрү, акын-жазуучулар катышат.

XS
SM
MD
LG