Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Улуттук консерваторияга 15 жыл


Бишкекте Улуттук консерваториясынын 15 жылдыгына арналган “Аргонавттар” искусство фестивалы өтөт. Фестивалдын алкагында балдардын жана өспүрүмдөрдүн аткаруучулук сынактары жана ошондой эле аталган окуу жайдын мугалимдери менен студенттеринин концерттери, көркөм өнөрдүн тармактарынын кошундусунан турган иш чаралар уюштурулат.

Кыргыз Улуттук консерваториясы мындан 15 жыл илгери бир топ талаш-тартыштар менен ачылган эле. “Консерватория – батыштын маданиятына жаткан тармак, анын Кыргызстанга анча зарылдыгы жок” деп чыккандар да болду.

Кыргыз Улуттук консерваториясынын ачылышынын – кыргыз маданиятынын өнүгүшүндө мааниси канчалык болду деген сурообузга аталган окуу жайдын ректору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевдин жообу мындай болду:


- Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө Улуттук консерваториянын кошкон салымы чоң болду десем болот. Кыргыз профессионал музыкасы да дүйнөлүк маданияттан калышпай, Америка, Германия, Англия, Япония өңдүү чоң-чоң мамлекеттердин музыка өнөрү менен теңтайлашып келатат. Биздин канча адистерибиз дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында кыргыздын желегин көтөрүп иштеп жатышат.

Кыргыз Улуттук консерваториясынын 15 жылдыгына арналган иш чаралар жыл бою өтүп, аталган окуу жай тарабынан 15 чоң концерт тартууланды. Айрыкча “Бишкек-Москва-Мадрид”, “Бишкек-Москва-Токио” деп аталган эл аралык концерттердин мааниси чоң болду. Бул концерттер аркылуу кыргыз музыкасынын бүгүнкү деңгээли чет жактарга билинди. 3-декабрдан 10-декабрга чейин бир жумага созулган “Аргонавттар” фестивалынан кийин консерваториянын 15 жылдыгы расмий белгиленет.

Ага дүйнөнүн атактуу музыканттарынын келиши күтүлүүдө:

- Польшадан дүйнөгө атактуу дирижер, Япониядан да өтө белгилүү пианист келатат. Борбордук Азиянын бардык мамлекеттеринин музыкалык окуу жайларынын ректорлору, Орусиянын, Казакстандын атактуу композиторлору катышмакчы.

Консерватория алгач ачылган жылдары аспаптар жетишсиз эле. Студенттердин жатаканалары да көп жылдар оңдолуп-түзөлбөй турду. Бу жылдар ичинде музыкалык аспаптар көбүнчө Япониядан алынып келинип, жатаканалар да оңдолуп-түзөлө баштады.

Бирок Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевдин айтымында, алдыңкы адистердин чет жактарга кетиши токтобой жатат:


- Биз жакшына кылып даярдап чыгарып койгондон кийин эле акчанын айынанбы, же турмуш-шарттын жагдайынанбы мыкты-мыкты адистерибиз чет жактарга кетишүүдө. Мен кечээ жакында эле Астанада болдум. Кыргыз балетинин, театрынын, музыкасынын көп адистери ошоякта иштеп жатышыптыр. Кыргыз аз калк болгону менен, саз калк деп ойлойм. Демек биздин адистер дүйнөлүк руханий байлыкты өнүктүрүүгө салымдарын кошушууда.

Улуттук консерваториянын 15 жылдыгына арналган фестивалдык иш чаралар 10-декабрга чейин консерваториянын өзүндө, Күренкеев, Шубин атындагы музыкалык окуу жайларында жана “Аль-Хайят” галереясында өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG