Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:21

Талант тагдыры: Атактуу комузчу Ыбырай Туманов


Ыбырай Туманов, 1939-жыл

Ыбырай Туманов, 1939-жыл

“Талант тагдыры” аттуу радиотүрмөктүн бул жолку чыгарылышы атактуу комузчу, айтылуу элдик композитор, Республиканын эл артисти Ыбырай Тумановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына жана жаркын элесине арналат. Анда кыргыз күүлөрүнүн алтын казынасынын түптөлүшүнө бирден-бир уютку болгон Ыбырайдын классикалык чыгармалары, алардын айрымдарынын маани-маңыздары тууралуу сөз болмокчу.

Абалкы комузчулардын салты боюнча тигил же бул шайыр эл алдына чыгып комуз черткенде аткара турган күүсүнүн эмнеге арналып чертилген тарыхын баяндай отуруп черткен. Тилеке каршы совет доорунда комузчулардын көпчүлүгү, түшүнсөң түшүнөөрсүң, түшүнбөсөң өзүң бил дешип, эмнегедир күүлөрүнүн бет ачар таржымалдарын айтышпай эле атын айтып чертип келишкен. Бул адат бүгүнкү комузчулардын арасында да уланып келүүдө.

Мына ушундай өксүктүн ордун толтуруш үчүн Ыбыкемден ар бир күүсүн тасма жазаардын алдында ал эмнеге, кимге арналып чыгарылган бет ачаар-киришмесин айта отуруп чертип берүүсүн өтүндүм. Ал бул өтүнүчүмдү чын жүрөктөн кабыл алды. Ыбыкем илхамы келе калганда баатырдык эпос “Манастан” да үзүндүнү күпүлдөтүп айтып ийер эле. Ал турсун “Манастын” сабатмалуу обонунун өзөгүндө эпостун баш каармандарынын бири Алманбетке арнап, “Жол талаш” аттуу күүсүн чыгарган.

1939-жыл Ыбырай үчүн өмүрүндөгү унутулгус кубанычтуу жылдардан болот. Ал ушул жылы КПССтин, СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Москвада өткөн Кыргыз искуствосу менен адабиятынын он күндүгүнө катышат. Залкар шайырдын күүлөрү он күндүктө аткарылат. Бей тааныш угуучулардын урматоолоруна ээ болот. СССРдин Жгорку Кеңешинин Президиумунун төрөгасы М. И. Калинин Ыбыкемдин төшүнө “Ардак белгиси” орденин тагып, күүгө бышкан колун кысат.

Сүйүнүчү койнуна батпаган комузчу Москванын кооз келбетине, кичипейил жайдары мүнөз элине, өзүнүн кубанычын арнап “Жүрөгүм Москва”, ”Толкун” аттуу күүсүн чыгарат.

Ыбыкем “Толкун” деген күүсү жөнүндө буларды айткан эле:

-1939-жылы Москвада кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгү болду. Ошондо өнөр чеберлери, адабиятчыларыбыз аксакал Михаил Калининдин колунан сыйлык алышып, кубанычтын кучагына батып, жүрөгүм толкуганда “Толкун” деген күүдү чыгардым.

Белгилүү орус музыка изилдөөчүсү, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Виктор Виноградов “Кыргызстан” басмасынан чыкккан “Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары” аттуу китебиндеги эскеүү макаласында Ыбыкем жөнүндө “Ыбырай күүлөрүн чертип жатканда менин көз алдыма алтынды өтө кылдаттык, өткөрө чеберчилик менен кооздоп жаткан залкар музыкант-зергер катары көрүнчү”- деп, жазып келип, дүйнөлүк ысымдагы улуу орус композитору Димитрий Шостакович менен Ыбырайдын кандайча жагдайда таанышканы тууралуу минтип айтат:

-1963-жыл. Июль айынын башы. Кыргызстанда орус музыкасынын он күндүгү жүрүп жатты. Ысык-Көлдүн көкүрөгүндөгү Сан-Таштын мейкин талаасында орус, кыргыз шайырлары концерт берип жатты. Кезек жашы сексенге чамалап калган карыя комузчу Ыбырай Тумановго да келди. Ал комузун колуна алып, атайы сахна үчүн жасалгаланган сүт ташуучу авто унаанын үстүнө чыга келди да, “Мен бүгүн Шостаковичти өз көзүм менен көрүп отурам. Эми арманым жок. Биз андан кыргыздар жөнүндө музыка жазуусун суранабыз”- деди комузун күүлөп. Анан ал ”Жаш тилек”атту күүсүн черте баштады. Жай чыккан бейпил күү созолонду, күүнүн ар бир кайрыгы жайлоонун келбети менен айкалашып, угармандардын жүрөктөрүн толкутту. Залкар композитор Дмитрий Шостакович Ыбырайдан көзүн албады. Карыянын черткен күүсүн ал өзгөчө кунт коюп угуп отурду. Ыбырай күүсүн чертип бүтөөрү менен Шостакович ага басып барып кол алышып Кыргызстан жөнүндө бир чыгарма жазаарын айтты. Бир эки ай өтүп, өтпөй Шостакович Ыбырайдын алдында берген убадасын аткарды. “Орус жана кыргыз темаларына увертюра жазды. Бул эки элдин достугун баяндаган увертюраны уккан сайын баягы жайлоодогу концерттин элеси көз алдыма шак тартылат. Жүк ташучу автоунаанын платформасында Шостакович турат, ал эми Ыбырай мээримин төгө улуу композиторду жылмая карайт. Увертюрадагы кыргыз темасынын варицияларынан Ыбырайдын күүлөрүнүн ыргактары да жаңырат”- деп, жазган эле Виктор Виноградов.

Ыбыкемдин “Боз салкын” атту арноо чакырык күүсүнүн кайрыктарын уккан сайын табигаттын кол менен жасап койгондой сулуугу менен таң азандан карапайым

калкты:

Таң атаарда боз салкын,

Талаабыз толгон карк алтын,

Эртелеп жумушка баралы,

Элибизден абийир алалы- деп, карапайым элди күрдөлдүү эмгекке чакыра олтуруп черткен далдайган кебете кешпири көз алдыма элестейт. Ыбыкем менен сүйлөшүп отурган күндөр, түндөр эсиме түшөт.

Бүгүнкү күндө республикадагы “Мен комузчумун”- деп, колдоруна комуз кармагандардын баарысы кары-жашы дебей Ыбыкемдин “Жаш тилек”, “Кеңеш”, “Жыргал күн”, “Боз салкын”, “Жеңиш” аттуу жана башка, классикалык күүлөрүн чертишет.

Алардын бири таанымал комузчу, белгилүү обончу Зайнидин Иманалиев. Бүгүнкү күндө Ыбыкемдин күүлөрүн өзүндөй шок, таза, өтө жогорку чеберчиликте, тереңдикте, мукамдуулукта Зайнидин гана чертет. Азыркы убакта анын алдына чыккан да комузчу-аткаруучу жокко эсе.

- Зайнидин мырза, республикадагы колуна комуз кармап, кыл тырмаган комузчу-аткаруучулардын арасынан Ыбыкемдин күүлөрүнүн дээрлик баардыгын ушунчалык жан дүйнөң менен берилип, эргип чертесиң. Өзүң деле элге “Ыбыкем атам, баласымын, уулумун” деп айтып жүрөсүң. Улуу шайырлардын уулумун деп айтып калышыңа, жүрүшүңө эмне себеп болду эле?

-Атам Сабит комузчу эле. Беш жашыман колума комуз алып черте баштагам. Мен потефондун табактарын көп уктум. Уккан күүлөрүдү черте баштадым. Бара-бара ал кезде эч ким чертпеген Айдараалынын, Ниязаалынын, Токтогулдун, Карамолдонун жана башка комузчулардын күүлөрүн чертип жүрдүм. Бирок мен үчүн Ыбыкемдин күүлөрү өзүнчө эле табышмак эле. Сизге калп, өзүмө чын Ыбыкемдин күүлөрү жазылган желим табактарды төшөкө жатпай таң аткыча угаар элем. Эмнегедир ал кишинин күүлөрүн ушунчалык танданып, ушунчалык суктанып уга берээр элем. Ыбыкемдин күүлөрүн чертем, калкка жайылтам деп отуруп, чынында эле комузчу болуп чыга келдим. Менин эң негизги максатым - Ыбыкемдин күүлөрүн өзүндөй чертиш керек болчу. Өз алдымча Ыбыкемдин күүлөрүн чертем-деп, жүрүп, мына бүгүн угуучулар мени “Ыбыкемдин баласы”- деп, калышат. Мен ага өтө сыймыктанам. Кептин ачыгын, чынын айтсам комузчулук чоң өнөргө Ыбыкемдин күүлөрүн чертүү менен келдим.

Ыбыкем жарык дүйнөгө жарк этип бир келип, шумжалган, шумжалгандан ким калган болуп, о, дүйнөгө сапар алганына 41 жыл толду. Ал тирүү болгондо үстүбүздөгү жылы 120 жашка чыкмак. Бирок, көзүнүн тирүү кезинде сый-сыпатка, улуу-урматка бөлөнүп урматталып келген залкар шайыр көзү өткөндөн кийин эстелбей, эскерилбей өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп келүүдө.

Ыбыкем ак таңдай төкмө Осмонкул Бөлөбалаев менен бир кесим нанды бөлө жешип, бир короодо бир нече жыл бирге жашап, Улуттук филормонияда 1936-жылдан 1954-жылга ардактуу эс алууга чыкканга чейин бирге иштешкен. Ал эми жакында өкмөттүн чечим менен Осмонкулдун 120 жылдыгы Чүй облусунун демөөрчүлүгү, демилгеси менен филармонияда, Кант районундагы акындын туулган айлында салтанаттуу белгиленди. Ак таңдай акындын эки томдугу басмадан басылып чыкты. Осмонкулдун айкели Тоголок Молдо паркына тургузула баштады.

Ал эми Осмонкулдай эле элдик музыкага эмгек сиңирген Ыбырай Тумановдун эстелигин тургузуу, күулөрүн жыйнак кылып чыгаруу эмес, жаркын элесине арналган кечени өткөрүүнү Ысык-Көл облусунун бийлиги, маданият жана маалымат министирлигинин, Улуттук филормониянын жетекчилери билишсе да, билмексенге салышып, көз жумуп келишүүдө.

XS
SM
MD
LG