Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:46

XXI кылымдын жылдыздары ырдайт


20-21-декабрда Бишкектеги Спорт сарайында “XXI кылымдын жылдыздары” аттуу концерт өтмөкчү. Концертке 130 дан ашуун кыргыз ырчыларынын улуу, орто жана кичүү муун өкүлдөрү катышат.

“XXI кылымдын жылдыздары” аттуу концерт Кыргызстанда XXI кылым жаңырары менен элге тартууланып келатат. Аталган концерт Спорт сарайында 20-21-декабрда өтүп, кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу элге 1-январда 3 сааттык көлөмдө тартууланмакчы. Бул программанын продюссери Сагын Ниязалиеванын айтымында аталган программа демөөрчүлөрдүн күчү менен жашап келатат:

Спорт сарайынын кире акысы абдан кымбаттап кетти. Күнүнө 65 миң сом төлөп чыгып жатабыз. Аталган программага Шампан-шарап комбинаты, Кыргызстан Аялдар Конгресси жана УТРК демөөрчүлүк көрсөтмөкчү.

“XXI кылымдын жылдыздары” аттуу концертке Сагын Ниязалиеванын айтымында Орусиядан, Өзбекстандан жана Казакстандан ырчылар келмекчи. А негизи бул долбоордун максаты – кыргыз ырларын алып чыгуу:

- Программада ашып кетсе орус тилинде эки ыр аткарылышы мүмкүн. А негизи бул программаны ачканда менин башкы максатым – кыргыз ырларын алып чыгуу болгон.

20-21-декабрда Бишкектеги Спорт сарайында өтө турган “XXI кылымдын жылдыздары” аттуу концертке Кыргызстандын аймактарынан да таланттар чакырылды:

- Оштон “Кыз-Бурак” келди. Ысык-Көлдөн Акыл Серкебаев, Айгүл Асанкожоевалар келатат. Нарындан Дамира Баратбаева менен Адылбек Кыязовдор келишмекчи. Анан биз эстрадалык жанр, фольклордук жанр деп бөлгөн жокпуз. Ырдаган таланттарыбыздын баарын болбосо да көпчүлүгүн кошуп жатабыз программага.

Албетте, мындай массалык концерттик программаларды тартуу үчүн жогорку сапаттагы заманбап техникалык каражаттар талап этилет. Бирок мындай каражаттар бизде жетиштүү деди Сагын Ниязалиева:

- Биз кийинки убакта япониялык аппараттар менен тартып баштадык. Абдан сапаттуу. Көп спецэффекттерди пайдаланууга болот. Иштеш гана керек.

Ал эми жыл өткөн сайын “XXI кылымдын жылдыздары” программасын тартуу үчүн демөөрчүлөрдүн чыгышы кыйындап баратат:

- Программабыз жаңы ачылганда демөөрчүлөр жакшы эле чыгып аткан. Жыл өткөн сайын бизди колдогондордун чыгышы кыйындап баратат. Мисалы, бир демөөрчүдөн 10 миң сом алыш үчүн алдына 10 жолу барып атып араң көндүрөсүң. Ушундай кыйынчылыктар бар.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG