Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Нооруз быйыл кандай белгиленет?


Нооруз майрамына арналган салтанат Бишкектеги борбордук аянтта эртең 21-мартта саат ондо башталмакчы.

Майрамдык салтанатты өлкө башчысынын куттуктоосунан кийин атайын театралдаштырылган оюн-зоок улантат. Иш-чаранын режиссеру Искендер Сартбаев кабарлагандай, оюн-зоокко борбордогу дээрлик бардык чыгармачыл топтор тартылган. Жалпысынан программага 700 адам катышып, сценарийине ылайык Баба Дыйкан, Умай Эне сыяктуу каармандарды жана ар кыл образдарды көрсөтүшөт.

Негизинен көрүүчүлөр бул программадан бир окуяга күбө болушат деп билдирди сценарийдин автору Сейит Алтымышев:

- Талаанын, кардын, көктөмдүн, андан кийин гүлгө айланган талаанын образдарын түзүшөт. Ыр жаңырат, шаң жаңырат.

Салтанаттын жүрүшүндө эл артисти Керим Турапов баштаган бир катар белгилүү көркөм өнөр чеберлеринин жеке номерлери да тартууланат. Ал эми жыйынтыгында Сейит Алтымышевдин сөзүнө жазылган “Мекеним менин Кыргызстан” аттуу жаңы композиция жаңырат. Бул чыгарманын музыкасын композитор Бакыт Айтбосунов жазган.

Борбордук аянттагы театралдаштырылган программа 1 жарым саатка созулат. Андан соң майрам эски аянтта спорт оюндары менен уланат.

Нооруз майрамына арналган салтанат өлкөнүн баардык дубандарында белгиленип, оюн-зооктор менен коштолмокчу.

XS
SM
MD
LG