Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

“Айтыш-фильм” эки тасманын бет ачаарын өткөрөт


31-мартта Бишкекте Кыргызстанда жана Орусияда тартылган көркөм тасмалардын бет ачары болот. Белгилүү кинорежиссер Эрнис Абдыжапаров бул кинотасмалар тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Эрнис мырза, “Айтыш-фильм” киностудиясы тарабынан тартылган бул эки тасма менен таанышсаңыз керек?

- Албетте, баарыбызга эле таанымал, башынан саясат чөйрөсүндө жүргөн Садык Шернияздын студиясында тартылган бул тасмаларды негизинен кыска метраждуу деп койсок болот. Биринчиси, «Форс-мажор» - Москвада эки жылдык жогорку окуу жайда окуп аткан кыздын курстук иши. Дипломдук тасмасы да бүтүп калды, азыр жыйынтыктап атат, ошону да көрсөтөт. Ал да кыска метраждуу.

- Садык Шернияз тарткан кино тасмалардын биринде башкы каармандын ролун сиз тарткан «Боз салкын» кинотасмасында баш каармандын ролун аткарган Съездбек Искеналаиев ойноп атыптыр. Буга сиз салган чыйыр негиз салгандай?

- Мен аябай кубанычтамын. Анткени эстрадалык жылдыз, аян берип манасчылыкка өтө турган сюжет менен тартыла турган тасма болчу, сценарий жазылып атканда эле мага окуткан болчу, ошону өзү алкуулап жүргөн. Өзү кеңешип калды Съездбекти кастинге чакырып атам, оюң кандай деп. Мен биринчиден, тасмага тартылчу тажрыйбасы бар, экинчиден өзүнүн да жылдызы бар, образына төп келип атат деп жакшы маанайдагы кеңешимди бергем. Анан өзү бир топ балдарды издеп жүрүп, өзү Съездбекке токтолуптур. Менин оюмча, тапшырманы жакшы аткарып, жакшы образды түзүптүр деп айта алам.

- Кыргыз кино тармагы өнүгүүнүн жолуна түшүп бараткандай, анткени өткөн жылы бул тармак үчүн кыйла жемиштүү болуп, сиз, Темир Бирназаров жана дагы бир катар режиссерлордун эмгектери ар кандай кинофестивалдарда жогору бааланды...

- Мен мындай деп айтат элем, жалпы кино тармагы өнүгүп ата десем болот. Себеби жаңы муундар келип атат. Андан тышкары бизнесмендер дагы киного көңүл буруп, өздөрүнүн акчаларын кошуп, жакшы түрткү болуп атат десем болот. Ага мисал катары Рустам Аташевдин “Министрдин кызынын махабаты”, “Эркектер” деген тасмалары “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүп атат. Бул ички рынокту өнүктүрүп аткан жигит. Ошол эле Рысбай Жабировду, андан тышкары Нурлан аттуу жигитти да ички кино индустрияны өнүктүрүп жаткандардын катарына кошсок болот. Менин оюмча, өзгөчө кызыктуусу, илимий-фантастикалык деңгээлде, юмор менен тартылган тасмалар чыгууда. Андан тышкары Темир Бирназаров жакшы багытта өзүнүн салымын кошкону атат. Буюрса апрелдин аягы, майдын башында “Уурунун махабаты” деген менин тасмам көрсөтүлөт. Анын баарын санай берсек толтура.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG