Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Өткөн аптанын маданий окуялары


Бишкекте ачылган “Азур” басмасынан жакында балдар үчүн китептердин сериялары жарык көрмөкчү. Маданият жана маалымат министрлигинин алдында “Маданият” басма үйү ачылды. Жаныш Кулмамбетов улуу сүйүүнү даңазалаган “Чыңгыз жана Бүбүсара” аттуу тасма тартып бүттү.

  • Бишкекте ачылган “Азур” басмасынан жакында балдар үчүн китептердин сериялары жарык көрмөкчү. “Азур” ачылган убакыттан бери бир жыл ичинде балдар үчүн жүз аталыштагы кыргызча китептерди чыгарды. Аталган басмакана Франциянын, Англиянын басмаканаларынын үлгүсүндө балдар үчүн түстүү китептерди чыгарат. “Азур” балдар басмасынын директору Ольга Прядко Каныбекова апта башында Италиянын балдар басмаканаларында болуп кайтты. Максат – балдар үчүн мыкты китептерди басып чыгаруу.

  • 8-апрелде маданият жана маалымат министрлигинин алдында “Маданият” басма үйү ачылды. Жаңы ачылган басмадан маданияттын бардык тармактары боюнча басылмалар чыгат. Кыргыздын тандалган 100 дөн ашык авторунун 150 дөй чыгармасы басууга даяр. Басманын техникалык жабдыктары болсо Германиядан, Япониядан алынып келинген.

  • Ушул эле күнү 8-апрелде Бишкек гуманитардык университетинин библиотекалык иштер жана библиография факультетинде “Китеп адистиги” бөлүмүнүн ачылуу аземи болду. Аталган бөлүмдү ачуу – жаштар арасында китеп окууну көтөрүү зарылдыгынан улам келип чыкты.

  • Белгилүү көркөм өнөр таануучу жана драматург Жаныш Кулмамбетов улуу сүйүүнү даңазалаган “Чыңгыз жана Бүбүсара” аттуу тасма тартып бүттү. Аталган кинофильм Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосундагы махабат тууралу. Автор бул кезге чейин бул эки улуу инсандын махабаты тууралу спектакль койгон эле. Ал эми аталган кинотасма болсо кыргыз кино департаментинин каржылоосу менен жаралды.

  • Ошондой эле сонку бир жылдай убакыттан бери тасмалаштырылып келаткан белгилүү кинорежиссер Эрнис Абдыжапаровдун “Уурунун махабаты” кинофильми тартылып бүттү. Аталган тасмада “адам уулу эми качан адам болот” деген абалтан келаткан философиялуу суроо көтөрүлөт.

  • Казакстан республикасынын Кыргызстандагы элчилиги элчиликтин кеңсесинде Чыңгыз Айтматовдун казак тилинде жарык көргөн 8 томдугун кыргыз маданият жана маалымат министрлигине тапшыруу менен кыргыздын учурдагы айрым көркөм өнөр ээлерин казак-кыргыз көркөм өнөрүнө кошкон салымдары үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйлады. Алардын арасында филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев, акын жана тарых изилдөөчү Абдрахман Алымбаев, акындар Гүлсайра Момунова жана Бактыгүл Чотуровалар бар.
XS
SM
MD
LG