Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Курманжан Датканын мемориалдык-тарыхый комплекси курулууда


2011-жылы Курманжан Датканын 200 жылдыгына байланыштуу Ысык-Көл областынын Өрнөк айлында мемориалдык-тарыхый комплекс ачылат. Анда аз камсыздалган жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары бекер эс алышмакчы.

Ысык-Көлдө Курманжан Датканын мемориалдык-тарыхый комплекси 2011-жылы Курманжан Датканын 200 жана кыргыз мамлекетинин эгемендигинин 20 жылдыгына арналып ачылмакчы. Учурда жүрүп жаткан курулуш иштери тууралу “Азаттыкка” “Курманжан Датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева буларды маалымдады:

- Курманжан Датканын музейи абдан чоң болуп, соңку мыкты үлгү менен салынып жатат. Курулушту 2008-жылы баштаганбыз. Өкмөт жакшы жардам берип жатат. 10 млн сом бөлгөн. Бирок бул акча албетте жетпейт. Комплекстин баасы 18 млн сом. Инвесторсуз албетте биз бул максаттарды ишке ашыра албайбыз. Учурда Казакстандын, Кытайдын, Орусиянын инвесторлорунун кызыгуусу болуп жатат бул комплекске.

Курманжан Датканын мемориалдык-тарыхый комплекси – эс алуучу маданий жайлардан турмакчы. Бул бир чети чет өлкөлордөн келген туристтерге да ыңгайлуу болот. Бул кезге чейин 300 миң кыргызстандыкка кайрымдуулук жардамын көрсөткөн “Курманжан Датка” кайрымдуулук фонду аз камсыздалган жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бекер эс ала турган жайларды салууну максат кылат:

- Бул комплекс биринчиден – тарыхый комплекс. Экинчиден, албетте Ысык-Көлдүн жээгинде болгондон кийин эс алчу жайлар болот. Бул жерде табигый родон суулары, дары балчыктары болгондуктан, спорттук-дарылоочу жайлар да болот. Ошону менен бирге чыгармачыл адамдарга чоң концерттик зал салганы жатабыз. Бир сөз менен айтканда, байлардын эсебинен биздин жөнөкөй атуулдар эс алышат.

Учурда Ысык-Көлдө салынып жаткан Курманжан Датканын мемориалдык-тарыхый комплексине тарыхый баалуу материалдар жыйналууда жана алдыда дагы жыйноо уланмакчы:

- Мен өзүм бул жайдын бүтүшүнө карата “Курманжан Датка тууралу дагы бир көркөм роман жазып берсеңиз” деп Төлөгөн Касымбековго кайрылдым. Владимир Плоских болсо “Датканын өмүр жолун дагы жакшылап изилдеп, китеп жазсакпы” деп жатат. Себеби Курманжан Даткага байланыштуу дагы көп материалдар табылып жатпайбы. Буга жаш тарых изилдөөчүлөр чоң салым кошот го деп ойлойм. Ушуну менен бүттү го десем эле, улам жаңы табылгалар чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG