Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:49

Кытайдагы көргөзмөгө кырк сүрөтчүнүн эмгеги алынды


ШКУга кирген өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн жакында Кытайда өтчү көргөзмөсүнө кытайлык эксперттер тарабынан кыргызстандык 40 сүрөтчүнүн эмгеги тандалып алынды. Кытай тарап бул сүрөттөрдү баалап сатып алмакчы жана Кытай Сүрөт академиясынын фондуна алынмакчы.

Алгач Кытайдагы бул көргөзмө тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинин чет мамлекеттер менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурдавлет Нурмамат уулу буларды маалымдады:

- Кытайлык эксперттер Кыргызстанга март айында келишип, 40 сүрөтчүнүн 45 эмгегин тандап алышкан. Эми Кытайга албетте 40 сүрөтчүнүн баары баралбайт. 12-13 сүрөтчүнү жөнөтүп жатабыз. Бул көргөзмө Пекинде болот.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Кытайда өткөнү жаткан көргөзмөсүнө кыргыз сүрөтчүлөрү Юристанбек Шыгаевдин, Роза Жангарачеванын, Жусуп Матаевдин, Догдурбек Нургазиевдин, Сапар Төрөбековдун, Петр Куринскийдин жана Сүйүтбек Төрөбековдун сүрөт эмгектери тандалып алынды. Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин директору, Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин айтымында кытайлык эксперттер тарабынан эмгектерди тандоо акыйкат болду:

- Союз учурундагыдай аларга көрсөтмө болгон жок. Министрлик да аралашкан жок бул ишке. Кытайлык эксперттер сүрөтчүлөрдүн чеберканаларына барып, ошол жерден өздөрү тандап алышты.

Юристанбек Шыгаевдин болсо Кытайдагы көргөзмөгө “Манас” эпосунан “Жолугушуу” жана “Алай Канышасы” сүрөт эмгектери алынды.

ШКУга кирген мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн Пекиндеги көргөзмөсү андан ары бул уюмга кирген өлкөлөрдө да өтүп баштамакчы.

XS
SM
MD
LG