Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

Жаңырган аптанын маданий окуялары


Кыргыз кино үйүндө жаш кинорежиссерлордун кыска метраждуу фильмдеринин республикалык фестивалы ачылат. “Аль-Хаят” арт-галереясында Сүймөнкул Чокморовдун “Кайтуу” деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Бишкектеги “Колдоо” арт-борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулат. Көргөзмө - балдардын аруу ой-тилектерин көрөрман кагаз бетинен көрүп-билсин деген максатта уюштурулуп жатат. Катышуучу балдар баалуу белектерге ээ болушмакчы.

19-майдан 22-майга чейин Кыргыз кино үйүндө жаш кинорежиссерлордун кыска метраждуу фильмдеринин республикалык фестивалы өтөт. Фестивалдын максатына Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазылов төмөнкүчө токтолду:

- Кырк жашка чейинки кинорежиссерлорубуздун арасында санжыргалуу Кыргыз киносун андан ары өнүктүрчүлөр барбы, чыныгы таланттар барбы – ошону аныктоо болуп жатат.

Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сүрөтчүлөр Нарын Турпанов менен Жылкычы Жакыповдун “Биздин ХХ кылым” деп аталган сүрөт көргөзмөлөрү өтүп жатат. Жылкычы Жакыповдун иштери пос-модерн же болбосо жаңы багыттагы чыгармалар болсо, ал эми Нарын Турпановдун эмгектери реалисттик жанрдагы пейзаждар жана портреттер.

Бишкектеги “Аль-Хаят” арт-галереясында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү маркум Сүймөнкул Чокморовдун “Кайтуу” деп аталаган темада сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат.

Ал эми Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде “Графика жана китеп көркөм өнөрү” деп аталган республикалык жазгы көргөзмө өтүүдө.

Алматыда ушул күндөрү өтүп жаткан “Шакен жылдыздары” эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан жаш кинорежиссерлор Изат Абдраимов “Гүл” жана “Ширенке” мультфильмдери, ал эми Максат Калдаров “Кара ниет” кыска метраждуу тасмасы менен катышып жатат. Бул эки жаш кинорежиссердун чыгармачылыгы тууралу алардын саяпкерлеринин бири, Кыргызфильм киностудиясынын башкы монтажеру Ракыя Шаршенова мындай пикирин билдирди:

- Азыр кино тартууга кызыккан жаштар көп. Бирок баарынын эле өз жеке туруму жок. Ал эми Изат менен Максатта өзүнчөлүк, өз табылга бар.

ШКУга кирген өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн жакында Кытайда өтчү көргөзмөсүнө кытайлык эксперттер тарабынан кыргызстандык 40 сүрөтчүнүн 45 эмгеги тандалып алынды. Кытай тарап бул сүрөттөрдү баалап сатып алат жана ал сүрөттөр Кытай Сүрөт академиясынын фондуна алынат. Аталган көргөзмөгө кыргыз сүрөтчүлөрүн Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жетектеп барат.

Мамлекеттик Тарых музейинде “Туризм жана Саякат-2009 -- IV туристтик жарманкеси, кол өнөрчүлүктүн жана элдик устачылыктын II эл аралык фестивалы жүрүп жатат. Жарманке 19-майга чейин Бишкекте, Ошто жана Ысык-Көлдө да өтмөкчү.

Эл аралык сыйлыктардын ээси, белгилүү кинорежиссер Нурлан Абдыкадыров 54-киносценарийин жазып бүтүп, жакында “Бомба менен саякаттоо” комедиясын жана “Америкалык күйөө бала” музыкалуу кинотасмасын тартууга киришет. Америкалык күйөө бала түбү кыргыз жигит болуп чыгат. Согуш мезгилинде анын чоң атасы туткунга түшүп, кийин Америкада жашап калган. Анын небереси атайын эле ата-баба топурагын көрүш үчүн, кыргыз кызга үйлөнүш үчүн Кыргызстанга келет.


XS
SM
MD
LG