Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө


Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү өтүп жатат. Ага 44 жаш сүрөтчүнүн көркөм сүрөттүн бардык жанрындагы 100 дөн ашык эмгеги коюлган.

“Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин” мүчөсү, сүрөтчү Клара Абдраева 5-6 жылдан бери аталган бирикмеде жаш сүрөтчү катары катышып жүргөн болсо, эми чоң сүрөтчүлөрдүн катарына кошулуп, жаш таланттарга таалим бермекчи:

- Кечээ эле өзүбүз “жаш сүрөтчү” аталып жүрсөк, эми бизден кийинки жаш сүрөтчүлөргө жардам көрсөтөбүз. Алардын эмгектери биздин иштерден да кыйла кең жана эркин.

Көркөм сүрөттүн графика жанрында эмгектенип келаткан жаш сүрөтчү Чыңгыз Шаршеналиев “Азаттыктын” угармандарына төмөнкүчө ой бөлүштү:

- Мен Кыргызстандын жаратылышын көп тартам. Өзгөчө тоолорду. Мен жаш сүрөтчүлөргө мыкты иштейли деп айткым келет. Ар бир изденип жараткан эмгегибиз элибизге кошкон салымыбыз болмокчу деп ойлойм.

2002-жылдан бери жаш сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү жазында жана күзүндө өтүп келатат. 2002-жылга чейин мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде атактуу чоң-чоң сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү өткөнү менен жаш таланттар көп эске алынчу эмес.

Ошол жылдары мамлекеттик музейди жетектеп турган белгилүү көркөм өнөр таануучу Майрам Юсупова жаш сүрөтчүлөрдүн бирикмесин түзүүгө демилге көтөрүп чыккан:

- Биз жаш сүрөтчүлөрдү чогултуп иштерин карап көрсөк, абдан таланттуу балдарыбыз бар экен. Ошентип 2002-жылдан бери жаш сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү алтынчы мертебе өтүп жатат. Мындай көңүл буруу алардын талантын курчутат.

Жаш сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсүн мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин директору, Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев ачты:

- Албетте бүгүнкү жаштарыбыздын арасынан келечектеги Чуйковдор, Акылбековдор, Жумабаевдер чыгары бышык. Алардын Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүгө чоң салым кошоруна ишенимим чоң.

Жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

XS
SM
MD
LG