Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Америкада даярдалган “Эр Төштүк”


26-майда Бишкектеги Б-Арт борборунда Бишкектеги театралдык окуу жайдын студенттери Нью-Йорктогу “Ла МаМа” театрында эки ай бою даярдап келген “Эр Төштүк” спектаклинин премьерасын коет.

Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайы менен АКШнын Нью-Йорк шаарындагы “Ла МаМа” театрынын байланышы – аталган театрдан режиссер Вирляна Ткачтын келиши менен башталды. Вирляна Ткач буга чейин Бишкектеги “Сахна” театры менен да иштешип келген. Вирляна Ткач Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттерине бир нече жолу чеберчилик сабактарын өтүп, Америкадан ала келген видео материалдары менен тааныштырган. Театрдын алдындагы окуу жайдын директору Тилек Жумагазиев Вирляна Ткачка алгач кыргыз элинин кенже эпосторун сахнага биргелешип алып чыгуу сунушу менен кайрылган:

- Америкалык театр режиссеру Вирляна Ткач Бишкектеги “Сахна” театры менен иштешип жүргөн экен. Ал менин сунушумду дароо эле кабыл алып, былтыр Бишкекте “Эр Төштүктү” даярдаганбыз. Андан кийин ал театрдын окутуучусу Кенжегүл Сатыбалдиеваны жети студент менен бирге Нью-Йоркко чакырып, эки ай бою ал жакта “Эр Төштүктү” жаңылап даярдашты.

Улуттук театрдын алдындагы театралдык окуу жайдын окутуучусу Кенжегүл Сатыбалдиева окуу жайдын жети студенти менен биргеликте ушул жылдын февраль айынан апрель айына чейин Нью-Йорктун “Ла МаМа” театрында болушуп, “Эр Төштүк” эпосун биргелешип даярдашты. Кенжегүл Сатыбалдиева алгач эпостун Америкада пропагандаланышына “Азаттык” радиосунун кабарчысы Гүлаим Ашакеева жардам көрсөткөнүн белгилеп, жамаатка ийгилик каалады:

- “Азаттык” радиосунун кабарчысы Гүлаим Ашакеева көрөрмандарды театрга чакырууда бизге чоң жардам көрсөттү. Америкалыктар абдан жакшы кабыл алышты. Синхрон менен которулуп берилип жатты. Биз Нью-Йорктун “Ла МаМа” театры менен алдыда дагы иштеше бермекчибиз. Эң алдын өзүбүздүн театрга ат коюуну ойлонуп жатабыз.

“Эр Төштүктүн” америкалык театр чеберлери менен биргеликте иштелгенден кийинки ийгиликтерин окуу жайдын директору Тилек Жумагазиев төмөнкүчө белгиледи:

- Мында эми алар эпосту сахнага алып чыгуунун бир топ сырларын өздөштүрүшүптүр. Айрыкча Төштүктүн жер астына түшкөн жерин – көлөкөлөр менен беришкен. Бул өтө кызыктуу.


XS
SM
MD
LG