Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Комузчулук устатчылыгын 1974-жылы Ак-Талаа жергесинен баштаган белгилүү комузчу Нурак Абдракманов учурда Бишкекте “Ага-Хан” билим таануу борборунун көмөгү менен “Устат-шакирт” мектебин ачып, жаштарга музыка таалимин улантууда.

Белгилүү комузчу, ырчы, күүчү, аткаруучу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканын чебери” сыйлыгынын ээси Нурак Абдракманов жаш комузчулардын “Устат-шакирт” мектебин 5 жыл илгери “Ага-Хан” билим таануу борборунун көмөгү менен ачкан болчу.

Негизи залкар комузчу жаш комузчулардын мектебин өзү туулуп өсүп чоңойгон Ак-Талаа жергесинде 1974-жылы эле ачкан. Нурак Абдракманов учурда Улуттук филармонияда эмгектенүү менен өзүнүн “Устат-шакирт” мектебинде комузчулук өнөргө 10 баланы тарбиялоодо.

Устаттын максаты – Токтогул, Ниязалы, Карамолдо өңдүү залкар комузчулардын устаттык мектебин улантуу. Анын пикиринде кыргыз комузу кыйла татаал аспап:

- Комуз өнөрчүлүгү бир топ эле татаал өнөрчүлүк. Аны үйрөнө коюш да, балдарга үйрөтүш да оңой эмес. Мисалы скрипкага караганда, комуз өнөрчүлүгү алда канча татаал. Комуз 18 түрлөнүп которулуп күүлөнөт. Ал эми скрипка бир эле күүлөнүш менен ойнолот. Анын ноталары дайыма ордунда болгондуктан, оңой таап ойношот. Комузда болсо 18 түрлөнүп күүлөнгөндүктөн, өзүнчө эле баш катырмага айланып калат. Эми бу балдарыма өзүнчө бир ыкмам менен үйрөтүп жатам.

- Балдарыңыздын алды канчадан күү билет?

- Балдарымдын алды 30 дан ашык күү билет, залкар күүлөрдөн. Республикада чанда эле киши 30 күү чертет. Бул эми институттун, консерваториянын берген билиминен чоңураак дегендик.

- Эми ошол 30 залкар күүнү канча убакытта үйрөнүп чыгышат?

- 4-5 жылда. Албетте, аталарыбыздан бир жарым миңдей күү калган деп айтылат. Алардын көбү учурунда радионун фондуна сапатсыз жазылып калган. Ошолорду өз табиятында чертип, элге тартуулоо шакирттеримдин колунан келет деп үйрөтүп жатам.

Нурак Абдракманов кыргыздын ыр-күүлөрүн дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө аткарып, таң калтырып келет.

Анын аткаруусундагы кыргыз күүлөрү Америкада, Жапонияда, Чехияда компакт диск альбом болуп чыгып, сатыкка коюлган.

Нурак Абдракманов чет өлкөлөргө чыккандагы бир сапарындагы мына мындай окуяны эскерди:

- Ооба, бу ыйык комузум менен дүйнөнүн көп мамлекеттеринде болдум. Таң калып карашат, колуңузга бирдеме жабыштырып алган эмессизби дешип кармалашат... Мындан 10 чакты жыл мурда Италияда концерт берип жүрсөм, эми шаарларын кыдырып концерт берип жүрдүм да... Байкап калдым, бир үч жигит эле кайсы шаарга барбайын, алдыңкы катарга отуруп концертимди угушуп, гүл берип калышат. Анан алар менен таанышып, сурап калдым, ушунча эле жагып калдымбы деп... Көрсө алар Италиядагы атактуу гитаристтер экен. Кыргыз комузунун кайрыктары абдан жагып, менин черткенимен бир нерсе үйрөнүп калсак деп жүрүшкөн экен.

Нурак Абдракманов чет жактарга шакирттери менен да чыгып жүрөт.

Кыргыз элинин руханий байлыктарынын бири болгон комуз өнөрүн дүйнөнүн бир канча мамлекеттерине тааныткан Нурак Абдракманов “Кыргыз эл артисти” наамын ала элек.

Бирок буга өзү анча эле териге бербей, артынан таланттуу шакирттерин калтырып жатканына кубанат:

- “Эл артисти” наамын ала элегиме көбүнчө элдер нааразы болуп айтып калышат. Чынында өкмөт комузчуларга анча көңүл бурбай, батышты туураган эстрадачылар барктуу болуп жатпайбы... Ошолор “Эл ырчылары” болуп жатышат. “Колдо бар алтындын баркы жок” деген ушу го деп коем. Эсимде, 14 жашымда Фрунзеге келип, биринчиликти алгам. Ошондо бир топ комузчулар назар салып, “бул күүнү минтип черт, тиги күүнү тигинтип черт” дешип, күү чертүүнүн бир топ сырларын үйрөтүшкөн эле. Азыркы балдарыбыз андай комузчуларды көрбөй калышты да. Мен алардан үйрөнгөндөрүмдү балдарыма үйрөтө алсам, кийин мени ушул шакирттерим айтып жүрөт да.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG