Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

“Дасмияда” бүгүн “Салттуу музыка” кечеси өтөт


Бүгүн “Кыргыз ордо” маданий өндүрүштүк борборунун демилгеси менен “Дасмия” этнографиялык комплексинде кечки саат 18де “Салттуу музыка” кечеси башталат. Программада нагыз элдик нуктагы чыгармалар аткарылуу менен улуттук буюм-тайымдардын көргөзмөсү да өтөт.

“Кыргыз Ордо” маданий өндүрүштүк борборунун түзүлүшү – биринчиден мезгил талабы болуп отурат. Эгемендиктин жылдарында кыргыз элинин турмушунда, анын ичинде руханий багытта, илимий-чыгармачылык багытта бир топ эле өзгөрүүлөр болду. Мисалы союз учурунда кыйла солгундап, тарып бараткан – төкмөчүлүк, комузчулук, манасчылык, кол өнөрчүлүк, мүнүшкөрлүк сыяктуу дагы башка көркөм өнөрлөр эгемендик жылдарында жаңы нукта өсүп чыкты.

“Кыргыз ордо” маданий өндүрүштүк борборунун түзүлүшүнүн башкы максаты – кыргыз элинин мына ушул бардык көркөм өнөрчүлүгүн борборлоштуруу - деген пикирин билдирди “Азаттыкка” аталган борбордун мүчөсү, БАТА коомунун директору Кадыр Кошалиев:

- Учурда ушул көркөм бөлүмдөр бирден болуп, обочолонбой, чогуу болсо деп жатабыз. “Дасмия” этнографиялык комплексинде мындан ары элибиздин бардык улуттук көркөм тармактары чогуу болмокчу.

“Кыргыз Ордо” маданий өндүрүштүк бирикмесинин алдында улуттук философия, тарых-санжыра, каада-салт, нарк-нуска, салттуу музыка, кол өнөрчүлүк өңдүү 12 бөлүм иштеп жатат.

Уюштуруучулардын айтымында, ар аптанын бейшемби күндөрүндө кезеги менен бирикменин алдындагы бирден бөлүм иш-чараларды өткөрүп турмакчы жана келечекте туруктуу иштөөгө багыт алат. Ал эми бүгүнкү иш-чара – салттуу музыкага арналып, Кыргызстандын бардык тармактарынан өкүлдөр катышат:

- Бул кечеде комузчулардын, ооз комузчулардын, кыл кыякчылардын жана дагы башка аспаптарда ойногон өнөрпоздордун концерти тартууланмакчы. Андан сырткары ал жерде кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, музыкалык аспаптардын көргөзмөсү уюштурулган. Кайсы бир деңгээлде бул кече кыргыз элинин руханий майрамдарынын бири болот.

“Кыргыз Ордо” маданий борборунун “Салттуу музыка” секциясын белгилүү комузчу, ырчы, аткаруучу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген артист Нурак Абдракманов жетектөөдө. Нурак Абдракмановдун устаттыгынан сырткары комуз чапкан устачылыгы да бар. Андыктан комуз жасатуу, комуз оңдотуу иштери менен да аталган борборго кайрылууга болот.

Нурак Абдракманов секцияда жаштарга комуздун, дегеле кыргыз аспаптарынын сырларын, унутулуп бараткан ыкмаларын үйрөтөт:

- Эсимде, 14 жашымда Фрунзеге келип, биринчиликти алгам. Ошондо бир топ комузчулар назар салып, “бул күүнү минтип черт, тиги күүнү тигинтип черт” дешип, күү чертүүнүн бир топ сырларын үйрөтүшкөн эле. Азыркы балдарыбыз андай комузчуларды көрбөй калышты да. Мен алардан үйрөнгөндөрүмдү балдарыма үйрөтө алсам, кийин мени ушул шакирттерим айтып жүрөт.

“Кыргыз ордо” маданий өндүрүштүк бирикмеси бүгүн “Дасмияда” өткөзгөнү жаткан “Салттуу музыка” кечесине өлкөнүн аймактарынан да таланттар жана адистер катышмакчы.
XS
SM
MD
LG