Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Эртең, 17-июлда Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын концерттик залында Алыкул сыйлыгынын лауреаты, белгилүү акын Атантай Акбаровдун поэзия кечеси өтөт.

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, белгилүү акын Атантай Акбаровдун “Аргымак”, “Кудайдын ыры” жана “Тирүү-Мекен” аттуу поэтикалык жыйнактары басылып чыккан.

Алгач Атантай мырза “Азаттыктын” угармандарына поэзия тууралу ой бөлүштү:

- Мисалы бу дүйнөдөн сүйүүнү алып салсак, мээримди алып салсак, кандай болор эле? Кунарсыз болуп калар эле... Адамдык сапаттарсыз дүйнө - дүйнө болбой калгандай эле, поэзиясыз да жашоо тузунан кемигендей болуп калмак. Расул Гамзатовдун мындай сөзү бар эмеспи: "Адамдар эң алыскы жылдыздарга учуп жетишти. Бирок мен үчүн андан да бийик жылдыздар бар, бул – адамдардын ички дүйнөсү" – деген. Мына ошол ички дүйнө жөнүндө биз кандай ырдап жатабыз – кыргыз телесинин жан дүйнөнү чагылдыруу ниети мени кубантып жатат.

Атантай Акбаровдун өзгөчө Ата Журт темасындагы ырлары – сүрөттүүлүгү, салыштырууларынын курчтугу, таасындыгы менен окурман назарына ынайт. Буга мисал катары акындын Чаткал тууралу ырына абай салалы:

- Чаткал, Чаткал, чай чыныга баткан жер,
Чалкарлыгы чексиз бирок бу жайдын.
Коен сымал суу жүгүргөн коктуда,
Колдорунун изи калган Кудайдын.

Шылдың кылып турат мында пастыкты,
Зыңгыраган бийик тоолор, давандар,
Олимп тоодо жашагандай Кудайлар,
Жашайт мында ыйык, бийик адамдар.

Кыргыз жери - жер шарынын жүрөгү,
Эгер аны сактабасак Жер өлөт,
Чаткал болсо, ал жүрөктүн толтосу,
Мындай жерде кыргыз жылдыз өңөрөт.


Атантай Акбаровго “Кудайдын ыры” жыйнагы үчүн 2004-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган. 2008-жылы Түркиянын Кония шаарында өткөн түрк тилдүү акындардын эл аралык фестивалына катышып келген.

Адабиятчы жана жазуучу, “Заман Кыргызстан” гезитинин баш редакторунун орунбасары Абдыкерим Муратов Атантай Акбаровдун ыр дүйнөсүнө төмөнкүдөй пикир жолдоду:


- Анын поэзиясын мындайча мүнөздөөгө болот: кичинекей акындын катуу чыгып жаткан үнү. Мына ушул үндө анын Мекенге деген атуулдук сүйүүсү бар. Өзүнүн ички сырларын аябай төгүп айтып бералат. Ал акын катары Алыкул Осмоновдон бери келаткан акындык бир вазийпаны аткарып келет. Анын мына мындай бир төрт сабын мисал тарталы:

- Ырга айландым, ыр деп гана туулгандай,
Ырды сүйдүм аял, балам, туугандай,
Жаным ээрип кучактадым жакшы ырды,
Кучагымда Кудай өзү тургандай...

Ырга ушундай мамиленин өзү анын поэзиясында кызыл сызык менен өтөт. Өзгөчө анын “Кудайдын ыры” жыйнагын кыргыз поэзиясындагы жаңы жышаан, жаңылык деп айтууга болот.

17-июлда кыргыз телекөрсөтүүсүнүн концерттик залында өтө турган кечеде акын Атантай Акбаровдун обондуу ырлары да аткарылат. Ошондой эле кечеде Атантай Акбаровдун ырларын жаш акындар жана жаш артисттер көркөм окушат. Акындын лирикаларына ички сезимдин жалындуулугу мүнөздүү. Анда “Кусалык” аттуу лирикасына назар таштайлы:

- Эрдиңе тийген эрдим кардай ээрип,
Эңгиреп эс-акылдан тандым эчен,
Ойлонбой океанга бой ургандай,
О, сени неге сүйүп калдым экен...

О, сени неге сүйүп калдым экен,
Ок жеген кайберендей азаптанып,
Өзүңдү көздөй учуп жетпей келет,
Өмүрүм кушка айланып канат кагып...

Мелмилдеп кошулсак биз дарыядай,
Мезгилдей мени артыма кайрый албай,
Мен сага, сага айланып кирип кетсем,
Мен эч ким калмак сенден айрый албай...

Мени эч ким калмак сенден айрый албай.



пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG