Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Омор Султановго Лермонтов сыйлыгы ыйгарылды


Акын Омор Султанов орус акыны Михаил Лермонтовдун чыгармаларын которуп келатат.

Акын Омор Султанов орус акыны Михаил Лермонтовдун чыгармаларын которуп келатат.

Кыргыз эл акыны Омор Султановго кечээ жакында Орусиянын адабият тармагындагы Лермонтов сыйлыгы ыйгарылды.

Омор Султанов поэзия менен бирге котормо жанрында да изденип, дүйнөлүк атактуу акындар Габриэла Мистральдын, Пабло Неруданын, Владимир Маяковскийдин, Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун поэзияларынан которгон. Түзүлгөнүнө 30 жылдай убакыт болуп калган Лермонтов сыйлыгын Омор Султанов 12-лауреат болуп алды. Кайсын Кулиев, Расул Гамзатов, Давид Кугультинов, Мустай Карим, Владимир Соколов өңдүү атактуу акындар – Орусиянын Лермонтов сыйлыгынын ээлери.
Акын Омор Султанов “Азаттыктын” угармандарына алгач Михаил Лермонтовдун чыгармалары, аны которуудагы изденүүлөрү тууралу ой бөлүштү:

- Мен Лермонтовдун чыгармаларын көп жылдардан бери которуп келатпаймынбы. Анын чыгармаларынын бир томдугун чыгарып, “Демон” деген поэмасын “Азреил” деп которгом. Бул котормо төрт ирет басылып, кыргыз окурмандарына жакшы тарап кетти. Кыргыз окурмандарына жетиш үчүн мен бул котормону негизинен кыргызчалагамын. Анан Лермонтовдун эң алгачкы ырларын котордум. Акынды жакшы билиш үчүн эң алгачкы ырларынан баштоо керек болду. 27 жашына чейин ушундай гениалдуу чыгармаларды жазып койгон бул улуу акын – чынында гений. Көп жазмакерлер жашоодо жазган чыгармаларына төп келбей, башкача болушат. Ал эми Лермонтовдун кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму да жазгандарына шай келген, ичи жарык адам болгон.

Кыргыз эл акыны Омор Султановго Лермонтов атындагы сыйлык Москвадагы Измайлово гүлбагынын концерттик залында ыйгарылды. Акын бул салтанат аземге Орусиядагы кыргыз элчилиги, кыргыз диаспорасы активдүү катышканын ыразы болуу менен белгиледи:

- Москвадагы Кыргыз диаспорасынан, Кыргыз элчилигинен толтура келишти. Бул эми жеке эле менин сыйлыгым эмес да. Бул жалпы Кыргыз мамлекети алып жаткан сыйлык деп түшүнөм. Ал жактагы кыргыздар да ошондой кабыл алышып, аталган салтанатка келишти деп ойлойм.

Омор Султановдун “Отузунчу станция”, “Сен жөнүндө поэма”, “Жан берели сүйүүгө”, “Адамдын турмушу” жана башка чыгармалары окурмандарга жакшы белгилүү. Андыктан акын “Азаттыктын” угармандарына жаңы ырларынан окуп берди. Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган “500 сом” аттуу ырга назар салалы:

- Кээде апта эмес, барар элем күнүгө,
Сакем турган жазуучулар үйүнө,
Жаш болсом да, байкап калып жүрүпмүн,
Кандай жашап күн өткөрдү тирүүндө.

Кемпири өлгөн, уулу Сыргак бар болчу,
Жашаган үй, бөлмөлөрү тар болчу,
Ал үйдөгү жазуучулар ичинде,
Сакем бирок жанып турган шам болчу.

Бардар баары, илебине дан бышып,
Байкаганга баарысынан ал кызык,
Саякбайга салам бербей өтүшчү,
Тойдон тоюп келатканда кан кызып.

Азыр кээси картайышты бүрүшүп,
Таяк менен өмүрдү аста сүрүшүп,
Сырттанга окшош ал кездеги Сакеме,
Башка айла жок, сынтакканды билишип.

Ал анткени Саякбайда акча жок,
Карып калган, дуулап турган жаш да жок.
Карт кабыландай басыгында сүрү бар,
Аны баалап, кадырлаган баш да жок.

Күн күркүрөп, кайран киши өлгөндө,
Жер дүңгүрөп Ала-Арчага көмгөндө,
Айкөлдүгү ар кимге азыр сезилет,
Беш жүз сомдон Саякбайды көргөндө.

“Котормо – акындын ой-кырларынын мейкиндерин кеңейтет” деп айтышат адабиятчылар. Омор Султановдун да жеке чыгармачылыгында котормонун таасири чоң:

- Мен Лермонтовдон жана башка акындардан алардын чыгармаларын которуп жүрүп, сабак алдым деп ойлойм. Азыркы жаштар көп которушпайт. Которуш керек. Котормонун акын-жазуучуга пайдасы чоң.

Акын биз менен болгон маегинде сөзүн жыйынтыктап жатып, бүгүнкү кыргыз адабиятына токтолду:

- Азыр жаш акын-жазуучулар жакшы чыгып келаткандай. Бирок аларда поэмалар, эпикалык чыгармалар, бир олуттуу ой козгогон бүкүлү чоң чыгармалар жокко эсе болуп жатат.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG