Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Алайда ат чабыш өтөт


Мургабдагы ат чабыш. 19-июль, 2009-жыл.
Мургабдагы ат чабыш. 19-июль, 2009-жыл.

Ат чабыш фестивалын француз айым Жаклин Рипар негиздеген “Кыргыз аты” мекемеси жергиликтүү тургундар менен биргелешип уюштурууда.

Алайдагы ат чабышта кыргыздын башка улуттук оюндары да болуп, чеберлер жасаган буюмдарын көргөзөт. Ат чабыш 2005-жылдан баштап үч жыл катары менен Ысык-Көлдүн Барскоонунда өткөрүлүп келген. Андан кийин аны башка да аймактарда өткөрүү суроо-талаптары түшкөн. Ошондон кийин уюштуруучулар жер-жерлерде ат чабыштарды өткөрүп турууну чечишип, ылайыктуу деп төрт аймакты тандап алышкан. Алар: Ысык-Көл, Токтогул, Алай жана Мургаб.

Мындан бир канча күн мурда эле Тажикистандын Мургаб районунда ат оюндары уюштурулду. Ал эми эртең Алай районунда өтөт. Иш-чаранын уюштуруучуларын бири Нургүл Мадраимова бул майрам эки күнгө созулаарын кабарлап, анын программасына токтолду:

- Биринчи күнү оодарыш, улак-тартыш, кыз-куумай сыяктуу улуттук оюндары уюштурулат. Ошондой эле чабышка чыга турган аттарды тандоо жүрөт. Ал эми экинчи күнү ат чабыш өтүп, байгелер тапшырылат.

Нургүл Мадраимованын айтуусунда, фестивалдын байге фонду анча чоң эмес. Мисалы баш байгеге телевизор ыйгарылат. Андан кийинкилерге магнитафон, килем жана башка ушул сыяктуу байгелер берилет. Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле жергиликтүү чеберлер жараткан буюмдардын көргөзмөсү уюштурулат. Ал жерден буюмдарды көрүп эле тим болбостон, кол өнөрчүлөр менен ал буюмдар кантип, кандай жасалаары тууралу пикир алышууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул фестивалга жыл сайын күбө болуп келаткан француз айымы Шарлота Урбен ушул иш-чара аркылуу кыргыздардын каада-салт, үрп-адаттарынан кабар алдым дейт.

-Ат чабыш фестивалы Кыргызстандын ар кайсы аймактарын кыдырганга мүмкүнчүлүк берет. Кооз-кооз жерлерди көрүп, чеберлер менен жолугуп, алардын жасаган иштерине күбө болосуң. Ошондой эле кыргыздын каада-салтынан кабар берген оюн-зоокторго катышасың. Ошондуктан бул фестиваль мага абдан жагат.

Ат чабыш фестивалын француз айым Жаклин Рипар негиздеген “Кыргыз аты” мекемеси өткөрүп, каржылык жана уюштуруучулук жактан жардам берип келатат. Анын айтуусунда, иш-чараны өткөрүүдөгү негизги максат – улуттук ат оюндарын жандантып, кыргыз аттарынын асылдуулугун арттырып, келечегине кам көрүү.

- Мен аттарга кичинемден тарта эле кызыгып келем. Жылкы баласы тууралуу тажрыйбам жетишерлик. Бул жаатта атайын мектептен өткөм. Бир топ ат чабыштарга катышып келгем. Аттарга кызыга баштаганда эле жылкы баласынын артында чоң маданият жатканын бат эле түшүндүм. Аттар менен эриш-аркак жашап келген элдер туурулуу көбүрөөк билгим келди.

Уюштуруучулар кабарлагандай, Алайдан кийинки ат чабыш Токтогул районунда, андан кийин Барскоондо өтөт.
XS
SM
MD
LG