Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Чолпон-Атада Жаштар форуму өтөт


1-5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында эл аралык Ысык-Көл интеллектуалдык жаштар форуму өтмөкчү.

Ысык-Көл интеллектуалдык жаштар форуму КМШ гуманитардык кызматташтык кеңешинин жана фондусунун колдоосу менен өтүп жатат. Форум саясаттан тышкары өтүп, анда жаштар проблемалары талкууланып, жаш таланттар өнөрлөрүн тартуулайт.

Маданият жана маалымат министрлигинин башкы адиси Айнура Аманованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча аталган Форум – КМШ мамлекеттеринин жаштар уюмдарынын өз ара байланыштарын жакшыртууну көздөйт:

- Форумдун негизги максаты – КМШ аймагындагы жаштардын эл аралык кызматташтыгынын өнүгүшүнө түрткү берүү жана мамлекеттер аралык жаштар уюмдарынын байланыштарын жандандыруу. Форумга КМШ мамлекеттеринин баарысынан 20 жаштан 30 жашка чейинки жаштар уюмдарынын активдери чакырылып жатат. Форумдун жүрүшүндө жаштарды формалдуу эмес коом менен катыштыруу каралууда. Алдыда жаштардын коомдук уюмдарын өнүктүрүү үчүн бир топ иш-чараларды иштеп чыгышыбыз керек.

Ысык-Көл интеллектуалдык жаштар форумунун ишине шериктеш мамлекеттердин жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана айрым мамлекеттик жетекчилер катышат. Маданият жана маалымат министрлигинин башкы адиси Айнура Аманова форумдун өтүшүнө токтолду:

- Бул Форумга мына жердешибиз, Россия федерациясынын президентинин өкүлү Михаил Швыдко келатат. Кант районунда туулуп өскөн эмеспи. Анан вице премьер министр Өктөмкан Абдуллаеваны чакырып жатабыз. Министр Султан Раев өзү Форумду уюштуруу комитетинин төрагасы. Ошондой эле белгилүү коомдук ишмерлер катышат. Форум саясаттан алыс, гуманитардык багытта өтөт. Учурда аталган Форумдун маданий программасы даярдалып жатат. Жаш өнөрпосторубуз өнөрлөрүн тартуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG