Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

Аптанын маданий окуялары


Бишкекте “Эгемен Кыргызстандын мыкты фильмдери” аттуу декада башталды. Улуттук көркөм сүрөт музейинде “Бул дүйнө кандай кооз” аттуу сүрөт көргөзмө жүрүүдө.

Декада кино үйүндө Бакыт Карагуловдун Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Бороонду бекет” тасмасы менен ачылды. Кино күйөрмандарына сунушталчу тасмалардын катарында Актан Арым Кубаттын, Эрнест Абдыжапаровдун, Темир Бирназаровдун, Геннадий Базаровдун жана жаш режиссерлордун фильмдери бар.

Кыргыз киносуна карата айтылган ар кандай кептерди жокко чыгарып, кыргыз киносунун жана аны жараткан авторлордун ийгиликтерин көрүүчүлөргө тааныштыруу максатында уюштурулган декада 29-августка чейин созулмакчы.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде “Бул дүйнө кандай кооз” аттуу сүрөт көргөзмөсү жүрүүдө. Анда ар кыл муундагы кыл калем чеберлеринин түрдүү жанрда тартылган эмгектери коюлган. Бул көргөзмө менен катар эле музейде Нурканыш Асанованын эмгектеринен турган “Миң кыял” аттуу көргөзмөсү өтүүдө.

Кыргызстанда көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт. Бул туурасында Место-Д театрынын жетекчиси Александра Богдасарова кабарлады. Анын айтуусунда фестивалга Казакстан, Франция, Словения өлкөлөрүнөн артистердин келеери күтүлүүдө.

Орусиянын Ульяновск облусунда немис сүрөтчүсү Георг Базелицтин көргөзмөсү ачылды. Маалыматтарга караганда 2009-жыл аталган облуста Германия жылы деп аталган. Ага байланыштуу облуста Германия өлкөсү тууралуу кабар берген бир катар иш-чаралар уюштурулууда.

Москвада бул жумада джаз музыкасынын фестивалы өттү. Фестивалдын башкы коногу америкалык музыкант Кертис Джексон болду.

О
русиянын эмгек сиңирген артисти, кино жана театр актеру Семен Фарада 76 жаш курагында, узакка созулган катуу оорудан кийин каза тапты. Маалыматтарга караганда маркум актер соңку жылдары ден-соолугу начарлап 10 дон ашуун бейтапканада дарыланган.

Нью-Йорктогу музейлердин биринде уурдалган 70 миң долларга бааланган Рерихтин сүрөтүн кайра почта аркылуу кайтарылып берилген. Эң кызыгы анда жиберген адамдын аты жөнү жана дареги жазылган.
XS
SM
MD
LG