Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Бишкектеги орус драма театры 5-сентябрда жаңы театралдык сезонун ачат.

Бул жумада орус драма театры Старицкийдин пьесасына коюлган “Эки коенду кубалап” аттуу спектаклдин бет ачаары менен 75-театралдык сезонун ачат. Бул чыгарманы Өзбекстандын эмгек сиңирген ишмери Вячеслав Бродянский койгон. Спектаклде орус драма театрынын белгилүү жана жаш артисттери ойношот

Ушул күндөрү Москвада КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн улуттук тасмаларынын форуму өтүүдө. Анда режиссер Эрнест Абдыжапаров тарткан “Ашык болгон ууру” аттуу кыргыз фильми кино ишмерлердин сынына коюлат. Маалыматтарга караганда, форумда ошондой эле Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана башка бир катар мамлекеттердин тасмалары сунушталат.

Мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстанга белектер” аттуу көргөзмө жүрүүдө. Анда өлкө башчыларына башка мамлекет башчылары берген белектер коюлган.

Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик тарых музейинде “Бул дүйнө кандай кооз” аттуу көргөзмө жүрүүдө. Анда экология маселесине арналган эмгектер коюлган. Бул көргөзмө менен катар эле музейде сүрөтчү, чебер Нурканыш Асанованын 70 жылдык мааракесине жана чыгармачылыгынын 40 жылдыгына карата уюштурулган экспозиция жүрүүдө. Көргөзмөдө чийден жана кийизден жасалган иштер, ошондой эле графика жана живопис стилинде тартылган 50 сүрөт коюлган.

Кыргыз циркинде Кремль циркинин оюн-зоогу өтүүдө. Программада аба гимнасттарынын, акробаттардын жана маскарапоздордун оюндары камтылган. Ошондой эле айбанаттардын номерлери бар. Четтен келген артистердин оюн-зоогу 6-сентябрга чейин уланат.
XS
SM
MD
LG