Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Ош өзбек драма театры Бишкекте гастролун баштайт


Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалуу драма театры Бишкектеги орус драма театрында өзүнүн 90 жылдыгына арналган гастролун ачкан жатат.

Захириддин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалуу өзбек драма театры алгач 1914-жылы “Туркестан тамаша тобу” болуп ачылып, 1929- жылдан профессионалдык драма театры болуп иштеп келатат. Театр ал убакыттан бери Кыргызстандын 11 эл артистин, 30 дан ашык эмгек сиңирген артисттерин чыгарды.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Ош өзбек драма театрынын директору Бактияр Ахмед уулу Токтоматов театрдын учурдагы абалына токтолду:

- Албетте, жаңы спектаклдердин үстүндө иштеп жатабыз. Биздин театрдын башкы өзгөчөлүгү – кыргыз көрөрмандарына өзбек көркөм маданиятын тааныштырсак, бир жагынан кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын өзбек көрөрмандарына тааныштырып келебиз. Биз өзүбүздү эки элдин ортосундагы достуктун көпүрөсүндөй эсептейбиз.

Гастролдун жүрүшүндө Бишкектин көрөрмандарына Алишер Навоинин “Лейли жана Межнун”, Тимур Зилфукаровдун “Мунажат”, Султан Раевдин “Ханышанын көз жашы” драмалары жана башка спектаклдер тартууланат.

Гастролдук оюндар негизинен кыргыз, өзбек, тажик жазуучуларынын пьесаларынан жана “Биз Оштонбуз” аттуу концерт менен жүрмөкчү.

Ош өзбек академиялык драма театрында да Кыргызстандагы көпчүлүк театрлардагыдай жаш муундун театрга келиши солгун деди “Азаттыкка” берген маегинде аталган театрдын директору Бахтияр Токтоматов:

- Жаш кадрлар абдан эле аз. Учурда театрдын алдында жаштар студиясын ачып жатабыз жана жаш актерлорду даярдоо боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ош өзбек мамлекеттик драма театры кийинки убакта Кытайга, Түркияга, Өзбекстанга, Тажикстанга гастролдорго чыгып келет. Ал эми Бишкекте гастрол ичинде ойнолчу спектаклдерден сырткары “Биз Оштонбуз” аттуу концертте башка улуттардын чыгармалары да аткарылат.
XS
SM
MD
LG