Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиевдин “Баян” аттуу көлөмдүү китеби чыкты. Китепте автор кыргыз тарыхына кайрылып, эртең тарыхка айланчу бүгүнкү күн тууралу толгонот.

Көрүнүктүү журналист Сулайман Мамбеталиевдин “Баян” аттуу жаңы чыккан китебине чейин “Тянь-Шандын бийик тоолорунда”, “Жашоо чыйырлары” деп аталган китептери басылып чыккан. Сулайман Мамбеталиев Кыргызстандын бир топ басма сөз кызматтарында иштеп, өзгөчө Нарын облусунда журналисттерди даярдоодо эмгеги чоң. Сөз чебери алгачкы эмгектеринде да кыргыз табиятына, тарыхына, коом өзгөрүшүнө саресеп салат. Автордун айтымында анын чыгармалары эл деген улуу уюткудан жаралып келет жана жазуучунун чыгармачылыгына жазуучу Айткулу Убукеевдин таасири чоң:

- Илгери мен бала кезде карыялар айылдын үстүндөгү дөңгө чогулушуп, өткөн окуяларды көз менен көргөндөй айтышар эле. Ошонун баары кулакка сиңип калган. Айткулу Убукеев деген жазуучунун чоң атасы Балбай баатыр менен чогуу жүргөн киши экен. Айткулу Убукеев мага көп окуяларды айтып берген болчу.

Сулайман Мамбеталиевдин “Баян” китеби “Кошой-Коргон”, “Жапый баатыр”, “Он-Арча” бөлүмдөрүнөн турат. Жогоруда белгилегенибиздей жазуучунун китебинин өзөгүндө кыргыз турумушу, кыргыз тарыхы жатат.

Филология илимдеринин доктору, профессор Бейшебай Усубалиев Сулайман Мамбеталиевдин “Баян” китебин толук окуп чыгып, “Жүрөк” аттуу баш сөз жазган.

- Китеп “Кошой-Коргон” деген тарыхый баян менен ачылат. Автор Кошой-Коргондун кандай курулганын, илимий адабияттарга таянып ал жердин кантип ачылганын, ага арналып бүгүнкү күндө өтүп жаткан фестивалдарды майда-баратына чейин жазат. Бул бир тарых изилдөөчүлөргө өрнөк болчу нерсе деп ойлойм. Дегеним биз өтө орчундуу нерселер гана тарых боло алат деп ойлойбуз. Чындыгында адам баласы үчүн орчундуу эмес нерсе болбойт,-дейт Бейшебай Усубалиев.

Ошондой эле профессор Бейшебай Усубалиев - автордун чыгармаларында Балбай, Жапый, Төрөгелди өңдүү тарыхый инсандардын кыргыз тарыхындагы ордуна кайрылуусу - окурманга оңой эмес ой жүгүн таштайт деген пикирде:

- Китепти окуп жатып дагы бир оор суроого кабыласың. Бүгүнкү күндө эмне көп? Эстеликтер көп. Кимдин эстеликтери? Бай-манаптын эстеликтери. Балбай баатыр, Байтик баатыр, Жантай хан, Шабдан баатыр - айтор көп. Анан булар бүгүнкү күндө баатыр катары окутулуп жатат. Чындыгында тарыхта булар кан чеңгелдеп, кан ичип жүрүшпөйбү... Эмне баатырлык кылышкан? Кимге баатырлык кылышкан? Буларды жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгынан карап көтөрүп чыгууга болобу, болбойбу? Болсо кандай деңгээлде көтөрүп чыгыш керек? Ошол жоокерчилик замандын философиясын келечек муунга кантип жеткиришибиз керек? Мына ушул суроолорду кылтыйтат автор.

Китептин “Жапый баатыр” бөлүмүндө кыргыздын тарыхый инсандарынын бири Жапый баатыр жөнүндө кеп болот. Сулайман Мамбеталиев ал тууралу даректерди эл арасынан, архивдик материалдардын негизинде чогулткан:

- Жапыйдын урпактары азыр бар. Жапыйдын бала-чакаларынын, аксакалдардын айтышкандарына караганда – Жапый абдан тарбиялуу, дипломат адам болгон. Анан Тыныбектей залкар манасчыны тарбиялаш оңой эмес да.


XS
SM
MD
LG