Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Кадыркул Орозматовдун көргөзмөсү ачылат


14-октябрда Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү жана монументалчы Кадыркул Орозматовдун 100 эмгектен турган жеке көргөзмөсү ачылат. Сүрөтчүнүн башкы темасы – кыргыз турмушу.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү-монументалчы Кадыркул Орозматов Москвадагы Суриков атындагы сүрөтчүлүк окуу жайынын “монументалдык өнөр” бөлүмүн бүтүрүп, Бишкектеги Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайында жана Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде эмгектенип келатат.

Анын сүрөтчүлүк да, монументалдык да иштеринин өзөгүн – кыргыз турмушу, табияты, дүйнөсү түзөт. Андыктан алдыдагы көргөзмөгө да анын кыргыз дүйнөсүн чагылдырган эмгектери коюлуп жатканын маалымдады “Азаттыкка” Кадыркул Орозматов:

- Кыргыз болуп жаралган соң кыргыз жерин, кыргыз элинин турмушун тартпай койо албайт экенсиң. Кыргыз элинин бүгүнкү турмушу, улут катары ээлеген орду тууралуу иштеген композицияларым бар. Анын ичинде Таласта өсүп чоңойгонумдан улам, Талас тууралуу өзүнчө сериалдар бар. Көрүүчүлөр өз сындарын берер. Толкунданып жатам.

Ал эми Кадыркул Орозматовдун бийик имараттардын бетине таштан чегилип коюлган сграфито-пано монументалдык эмгектери Кыргызстандын бир топ эле чоң-чоң курулуш жайларында турат.

- Союз учурунда абалыбыз жакшы болчу чынын айтканда. Чоң-чоң заказдар болчу. Ошондой заказдардын негизинде Токтогул, Орто-Токой суу сактагычтарында, шаардын ичинде бир топ имараттарда, 2001-жылдан бери Нарын шаарындагы сүрөт галереясында жана “Манас” аэропортунда мен жасаган сграфито-панолор турат.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сапар Төрөбеков Кадыркул Орозматовдун сүрөтчүлүк боюнча мугалимдеринин бири. Сапар Төрөбеков Кадыркул Орозматовдун алдыда ачыла турган көргөзмөгө коюлганы жаткан эмгектери менен таанышып чыккан:

- Кадыркулдун Кыргызстандын көп жерлеринде монументалдык эмгектери турат. Айрыкча анын “Манас” аэропортундагы монументалдык сграфитосун белгилегим келет. Мен бүгүн анын көргөзмөгө коюлганы жаткан эмгектери менен таанышып чыктым. Монументалдык эмгектери фотосүрөткө алынып, алар да койулуп жатыптыр. Ал эми живопистик эмгектеринде кыргыз турмушу жатат. Абдан кызыктуу. Чыгармачылыктан сырткары Кадыркул Орозматов келечектеги адистерге жеке өз изденүүлөрү менен билим берип келатат.

Кадыркул Орозматовдун сүрөт эмгектери мурдагы союздук республикаларда, Чехия, Болгария, Монголия, Франция мамлекеттеринде өткөн кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрүнө катышкан. Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн эки айга созулган көргөзмөдө Кадыркул мырзанын Айтматовдун чыгармаларынан улам жаралган сүрөт эмгектери турду:

- Менин чыгармачылыгымда Чыкемдин орду чоң. Анын чыгармаларынын негизинде жаралган менин “Каранар”, “Гүлсары”, “Сары-Өзөк” деген тематикалык иштерим бар. “Каранар” менен “Гүлсары” Францияга, Парижге барып келди.

Союз учурунда Кыргызстанга май бойоктордун түрлөрү Орусиядан келчү. Ал эми кийинки убакта мындай бойоктор таңсык боло баштады. Кадыркул Орозматов студенттерди монументалдык өнөргө окутууда өзү жаңы кыргыз боекторун иштеп чыгып, ал тууралуу китебин да басып чыгарды:

- Бизге азыр өзүбүздүн жер шарттарыбызды, өзүбүздүн мүмкүндүктөрүбүздү издөөгө туура келүүдө. Өзүбүздүн жердин таштарын, топурактарын боекторго пайдаланып жатабыз. Бул ыкмаларды мен өзүмдүн китебимде толук жаздым.

Кадыркул Орозматовдун Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде 14-октябрда ачылганы жаткан жеке көргөзмөсү 30-октябрга чейин созулат.
XS
SM
MD
LG