Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Кыргыз профессионал адабиятынын залкары


Бүгүн 3-ноябрда Улуттук университетте Аалы Токомбаевдин 105 жылдыгына арналган “Кыргыз профессионал адабиятынын залкары” аттуу илимий жыйын болот.

Жыйын Аалы Токомбаевге арналган сүрөт көргөзмөсү жана 20 мүнөттүк кинотасма менен ачылат.

Илимий конференцияда адабият изилдөөчү окумуштуулар Кыргыз эл жазуучусу, Cоциалисттик Эмгектин Баатыры Аалы Токомбаевдин бардык жанрдагы чыгармалары боюнча доклад менен чыгып сүйлөшөт. Адабиятчы Садык Тиллебаев жыйында жасалчу айрым докладдарга токтолду:

- Акындын чыгармачылыгынын бардык жагын камтууга аракет кылдык программаны түзүп жатканда. Бул жерде биз жалпы сөздөн качтык. Андыктан докладдар жалгыз бир чыгармасы тууралу, же бир китеби жөнүндө болмокчу. Бул баяндамалар студенттерибизге да түшүнүктүү жана пайдалуу болот деген ойдомун.

Аалы Токомбаевдин 105 жылдыгына арналган илимий жыйындын максатын белгилүү адабиятчы Абдыкадыр Садыков төмөндөгүдөй белгиледи:

- Бул киши жөнүндө көзү тирүү кезинде жакшы сөздөр да айтылды, тескери пикирлер да айтылды. “Манаска” байланышкан карыянын бир ооз сөзүн кечирип коюшпай, гезиттерге кайра-кайра жаза беришип, а киши капа болуп кетти о дүйнөгө. Эми көзү жокто өтүп жаткан бул жыйын - Аалы Токомбаевдин кыргыз адабиятынын түптөлүшүнө, бекемделишине, өнүгүшүнө кошкон зор салымын дагы бир жолу далилдеп көрсөтүү үчүн өтүп жатат.

Абдыкадыр Садыков илимий жыйында Аалы Токомбаевдин поэзиясы тууралу “Революциянын акыны” деген темада чыгып сүйлөйт. Адабиятчынын пикиринде Аалы Токомбаевдин тагдырында, чыгармачылыгында Октябрь революциясынын мааниси чоң.

Алгачкы кыргыз гезити “Эркин тоонун” 1924-жылдын 7-ноябрындагы алгачкы санына Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ыры басылган. Ошондон улам да адабиятчылар кыргыз профессионал адабиятынын башталышын Аалы Токомбаевдин ушул ыры менен байланыштырышат. Абдыкадыр Садыков Аалы Токомбаевдин айрым чыгармалары үчүн түрмөгө да камалганын белгиледи:

-“Ленин тууралу” деген жыйнак чыгарып, ал жөнүндө да ар түрдүү сөздөр болуп, андан кийин 1937-жылы дагы бир капсалаңга кабылып бу киши камалып да чыккан. Согуштан кийин болсо да “Кандуу жылдар” романы үчүн дагы бир жолу капсалаңга кабылып, ошондо Раззаков өзү келип, “Аалыке, кетиңиз, болбосо сизди сактоого менин кудуретим жетпейт” деп Москвага качырган.

Аалы Токомбаевдин “Мумия” аттуу китеби учурунда “советтик идеологияга жат” деген саясий айып менен басмадан алынып салынган болчу. Адабиятчы Абдылдажан Акматалиев “Мумия” тууралу “Эркин Тоо” гезитинин 2004-жылдын 10-декабрындагы санына макала жарыялаган. Ал макаласында автор Аалы Токомбаевдин “Мумия” чыгармасын көркөм чыгарма катары далилдөөгө аракеттенген:

- Бул чыгарма 37-жылдагы массалык репрессияга байланыштуу болчу да. Анан бул киши ошол саясий куугунтуктоону поэзиянын тилине салган. Анан “саясий түзүлүштү сындаган, советтик идеологияга каршы туура эмес ойлорду айткан” деген пикирлер менен алынып ташталган. Ошондо айрымдар жазып чыгышкан да “бул жеке эле адамдын арыз-муңу, күйүтү болуп калган” деп. Мен ошондуктан бул чыгарманын көркөм чыгарма экендигин далилдөөгө аракеттендим.

XS
SM
MD
LG