Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Сүймөнкул Чокморовду эскерүү кечеси өтөт


Бүгүн Бишкекте СССРдин эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Ага маркумдун жакындары, киношмерлер, сүрөтчүлөр катышат. Ошондой эле Москвадан Али Хамраев аттуу кинрежиссердун келеери күтүлүүдө.

Борбордогу Россия кинотеатрында Болот Шамшиев баштаган кинорежиссерлор менен бирге Жамал Сейдакматова, АйтурганТемирова, Гүлсара Ажибекова жана башка киноишмерлер жана жазуучу,драматург, сүрөтчүлөр чогулушуп, кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү киноактер Сүймөнкул Чокморовду эскеришет. Ал эми четтен Чокморовдун катышуусундагы “Жетинчи ок” тасмасын тарткан режиссер Али Хамраев жана “Кызыл алма” көркөм тасмасынын сценарийинин автору Эльга Лындина келет. Кыргыз кинодепартаментинин жетекчиси Абибила Пазыловдун айтуусунда кеченин программасын эскерүүлөр менен бирге Чокморов катышкан тасма коштойт.

Али Хамраев 14-ноябрда кино үйүндө жаш кинорежиссерлор үчүн устаттык сабак өтүп, өзүнүн “Бибабо” аттуу фильминин бет ачаарын жасайт. Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгына карата арналып ушул күндөрү ошондой эле кино үйүндө 11-ноябрдан тарта маркум киноактер катышкан тасмалар көрсөтүлүп баштады. Алгач кинокүйөрмандары Төлөмүш Океев тарткан “Кызыл алма” фильмин көрүшүп, белгилүү кинемиатогрфист Альгимантас Видугирис менен жолугушту. Анда Видугирис Чокморов катышкан “Эркектер аялдарсыз” аттуу тасмасы тууралуу кеп салып берди. Негизинен Россия кинотеатрында өтүүчү эскерүү кечеси маркумдун уулу бактыгул Чокморовдун демилгеси менен уюштурулууда. Ал өз сөзүндө өкмөткө болгон нааразылыктарын айтып өттү.

-Мен акырына чейин күттүм. Кандай болбосун мааракелик дата эмеспи, кандайдыр бир чоң масштабдагы иш-чара уюштурулуп, музейлерде көргөзмөлөр өтөт деп ойлогом. Бирок эч кандай аракеттер болбогондон кийин өзүм аракет жасап, 10 күн аралыгында ушул кечени өткөрүүгө даярдыктарды көрдүм.

Бактыгул Чокморов ошондой эле өз сөзүндө менен маданият агенттигинин жетекчиси Султан Раев менен атасынын эстелигин тургузуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн жана каражат жоктугунан ал да токтоп калганын кошумчалады. Ал эми алдыда өтчү эскерүү кечесине Төлөмүш Океев атындагы фонд өз салымын кошууда. Анын жетекчиси Азиза Океева иш-чаранын өтөөрүн угуп, четте карап туралбадым дейт.

-С.Чокморов атам менен сырдаш, дос болгон. Ошондой эле үй-бүлөлүк да катышыбыз бар болчу. Андыктан Бактыгулду кичине кезинен бери билем. Ал жаш да мындай чоң кечени өткөргөнгө тажрыйбасы жок, ошол себептен уюштуруу иштерине жардам берип жатам.

Сүймөнкул Чокморов мыкты актер, мыкты сүрөтчү катары тарыхта аты калып, убакыт өткөн сайын уламышка айланып барат. Анын атын өчүрбөй жаш муундарга жеткирүү үчүн атайын иш-чаралар уюшулса деген пикирин айтат режиссер Замир Эралиев.

-Чокморов катышкан кинолорду мектептерде көрсөтсөк жакшы болот эле. Негизинен кандайдыр бир себептер болмоюнча эскерилбей эле калып жатат.

Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси бүгүн саат 14. 00 дө "Россия" кинотеатрында өтөт. Ал эми Кино үйүндөгү көрсөтүүлөр 16-ноябрга чейин созулат.
XS
SM
MD
LG