Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

“Александра” дизайн-студиясынын мода көргөзмөсү


Көрсөтүүдө модельерлер Айганыш Мамадиярова жана Рахима Карачбаева тиккен ар кыл үлгүдөгү кийимдер сунушталат.

“Александра” дизайн-студиясынын бул жолку көрсөтүүсү “Кышкы түш” деп аталып, анда кыш айында кийилчү кийимдер топтому көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Кечеге келген көрүүчүлөр акыркы мода тенденциясын чагылдырган, классикалык стилде тигилген, саркеч айымдардын кийимдерин көрө алышаарын кабарлайт аталган студиянын менеджери Нуржан Сарыбаева.

Бул кийимдерди көрүүчүлөр көрүп эле баа берип тим болбостон, жаккандары болсо сатып алышса да болот. “Александра” дизайн-студиясы мындай көргөзмөнү жылына төрт ирет уюштурат. Жазында, жай айында, күз мезгилинде жана кыш айын утурлап. Студиянын координатору Рашида Сазилованын айтуусунда ар бир сезонго эртелеп эле даярдыктар башталат. Башкача айтканда ошол учурда кандай түстөгү, кандай стилдеги кийимдер мода болоорун айкындап алып, анан тигип башташат.

-Биздин модельерлер тыныгуусуз күн сайын жаңы моделдин үстүндө иштешет. Мисалы азыр кышкы кийимдерди көрсөткөнү жатабыз. Ал эми дизайнерлер болсо жазгы кийимдерди даярдап коюшту. Кышкы кийимдер топтомун жаңы-жылга чейин, сунуштап, сатып бүтөбүз дагы кийинки сезонго аракет кылабыз.

“Александра” дизайн-студиясы мода айдыңында 14 жылдан бери иштеп келет. Рашида Сазилованын айтуусунда, алардын кардарларынын басымдуу бөлүгү коңшулаш мамлекеттерден.

-Биздин тиккен кийимдердин көпчүлүгү чоң өлчөмдө, андыктан ага суроо-талап көп. Мисалы толук аялдарга чак кийимдер оңой менен табыла бербейт. Биз негизги сатып алуучуларыбыз Казакстандыктар жана Орусиялыктар. Тактап айтканда Орусия менен 14 жылдан бери тыгыз иштешип келе жатабыз.

“Александра” дизайн-студиясы кардарларынын басымдуу бөлүгүн эске алып, алар үчүн да атайын көрсөтүүлөрдү уюштуруп келет. Мисалы ушул жылдын сентябрь айында атайын кече уюштуруп, ага Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн мода ишмерлери жана сатып алуучулар келишкен. Сымбатточу Елена Тарасова аталган студияга карата мындай пикирде:

-Мен “Александра” студиясын көптөн бери билем. Эмгек жамааты кызыктуу чыгармачыл адамдар. Негизинен мен канча жылдан бери ушул компания жараткан кийимдерди кием, андыктан жакшы гана баамды берем.

“Александра” дизайн-студиясы өзүнүн жеке көрсөтүүлөрүнөн тышкары дагы башка компаниялар уюштурган мода жумалыктарына, көргөзмөлөргө катышат. Ал эми алардын 20-ноябрдагы көрсөтүүсү кечки саат беш жарымда “Таш-Рабат” соода борборунда өтөт.
XS
SM
MD
LG