Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Кыргыз ой тутуму, рухий казынасы жана Чыңгыз Айтматов


Чыңгыз Айтматовдун соңку сүрөттөрүнөн

Чыңгыз Айтматовдун соңку сүрөттөрүнөн

12-декабрь – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө Чүй университетинде “Манас” – Кыргыз рухунун туу чокусу” деген темада жыйын өттү. Жыйында Чыңгыз Айтматовдун улуттук инсан катары кыргыз тагдырындагы орду тууралу сөз жүрдү жана Чүй университетине ысмын ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү.

Тарыхчылар, жазуучулар, аалымдар чогулган “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу” деп аталган жыйында кыргыз башаты , анын кыйырлары тууралу кеп жүрүп, адамзат өнүгүшүндө Манастын, Чыңгыз Айтматовдун орду тууралу кеп жүрдү. Чыңгыз Айтматов “Манас” эпосун – кыргыз рухунун туу чокусу” атап, анын адамзат өнүгүүсүндө да рухий мааниси бийик эмгек экендигин белгилеп, анын жарыкка чыгышына, изилденишине көп аракет жумшаган.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин пикиринде Айтматов тегин адам эмес:

- Эми Чыкени биз инсан катары, коомдук ишмер катары, чыгармачыл адам катары айта берсек, сөз көп. Чыке кыргыз элинин этносунун генетикалык коддорунун негизинде – адамзатка үлгү боло турган, адам акыл-эсинин, ниетинин жана жандүйнөсүнүн үлгүсүн көрсөттү. Ал тегин адам эмес.

Белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетовдун пикиринде Чыңгыз Айтматов келечекти көрө билген олуя болгон:

- Чыңгыз – деген адамзат рухунун негизинде жаралган Кудайым берген өзгөчө бир талант да. Олуя десек да болот, көрөгөч десек да болот. Ал табият аркылуу, жаныбарлар аркылуу – элдин турмушун, касиетин жана баалуулуктарын адамзатка жеткирүүгө аракет кылган инсан. Айтматовдун айткандары бара-бара жүрүп отуруп чындыкка айланат.

Белгилүү коомдук саясий ишмер Дастан Сарыгуловдун айтымында, кыргыз эли абалтан табиятты жандуу дүйнө катары карап, ага сыйынып, урматтап келген. Кыргыз руханий ааламындагы бул асыл көрөңгө бүгүнкү күндө курч маселеге айланганы Айтматовдун чыгармаларында айкындалып көтөрүлдү, кыргыз башатынын ой тутуму, кан-жаны, рухий көрөңгөлөрү чагылдырылды:

- Демек, ата-бабаларыбыздан кыргыз элине таандык, нечен миң жыл бою калыптанган рухий мурасты Чыңгыз абабыз биринчилерден болуп көркөм сөз чеберчилиги аркылуу, чыгармалары аркылуу жалаң эле кыргыз элине эмес, жалпы адамзатка мураска калтырды.

Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков Чыңгыз Айтматовду кыргыз элине келечекти айкындай турган ыйыктардын катарына кошту:

- Чыңгыз агабыздын чыгармалары – биздин элибиз үчүн алтын казына. Жаштарыбыз билимдүү болом десе дагы, кыргыз болом десе дагы, өзүнүн келечегине кам көрөм десе да, интеллектин,, намыскөйлүгүн көтөрүп, заманды түшүнүш үчүн дагы окуп турушу керек.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун ысмын Чүй университетине ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG