Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Turkmenistan-- 9-11 September International Exibition in Ashgabat 53, 11Sep2009
Turkmenistan-- 9-11 September International Exibition in Ashgabat 53, 11Sep2009

14-декабрда Улуттук консерваторияда Камчыбек Дүшалиевдин “Кыргыз эл ырлары, термелери жана дастандары” аттуу китебинин бет ачары өтөт.

Бул кечеде эмгекке кирген чыгармалар аталган окуу жайдын студентери тарабынан аткарылат.

Бул кече менен катар эле Улуттук китепканада белгилүү комузчу Нурак Абдрахмановдун китебинин бет ачар аземи болот. Бул эмгек эки бөлүктөн турат: биринчисинде автордун күүлөрү, экинчи бөлүктө белгилүү комузчулар Токтогул, Атай, Болуш, Карамолдонун чыгармалары кирген.

14-декабрда Бишкекте казак эстрада ырчыларынын концерти өтөт. Кожомкул атындагы спорт ордосунда четтен келген ырчылар жандуу үн менен ырдашат. Кеченин уюштуруучусу Кабыл Бөрүбаевдин билдиргенине караганда, ал ырчылардын катарында казак эл артисти Алтынбек Корозбаев бар.

15-16-декабрь күндөрү орустун белгилүү ырчысы, “Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатунов жеке концертин тартуулайт. Бул туурасында “Ажар” эстрада тобунун көркөм жетекчиси Назгүл Кемелова кабарлады.

19-декабрда Бишкекте “Чын жүрөктөн” деген аталыштагы кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, анын алкагында кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдардын көргөзмөсү өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө устаттык сабактардын да болору күтүлүүдө. Ушул эле күнү филармониялык камералык оркестр “Рождество жомогу” аттуу концерт өткөрөт. Концертке Киевдин мамлекеттик хору катышып, АКШдан келген Роджер Макмеррин дирижерлук кылат.

Ольга Мануйлованын үй музейинде Сүрөтчү аялдар асоцациясына кирген кыл калем чеберлеринин жеке көргөзмөсү ачылды. Анда ар кыл темада, түрдүү жанрда тартылган сүрөттөр жана прикладдык көркөм өнөрдүн эмгектери коюлган.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде “Акварелге кайрылуу” аттуу экспозиция жана республикалык сүрөт көргөзмөсү жүрүүдө.
XS
SM
MD
LG