Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Ош шаарында Орусиянын Кыргызстандагы консулдугу уюштурган балдар тасмаларынын жумалыгы өтүүдө. Анын алкагында союз учурунда тартылган жана жаңы тасмалар көрсөтүлүүдө.

Киножумалыктын алкагында балдарга “Кар ханышасы”, “Кыйшык күзгүнүн хан сарайы” жана башка ушул сыяктуу тасмалар менен бирге мультфильмдер сунушталууда. Фильмдер күнүнө 3 ирет, акысыз көрсөтүлүп, ага Ош шаарындагы Ломоносов, Маркс, Макаренко атындагы мектеп окуучулары чакырылган.

Ломоносов атындагы мектептин жетекчиси Гүлсара Атабаеванын айтымында, алгач уюштуруучулар киножумалыктын программасын сунуштап, балдарга ар тараптан таасир бере турган тасмаларды иргешет.

- Уюштуруучулар алгач бизге тизмени алып келишет. Ал тизмени биз карап чыгып, кеңешип тасмаларды иргейбиз. Биз көбүнчө окуу программасына көмөк көрсөтчү фильмдерди тандайбыз.

Орусиянын консулдугунан билдиришкендей мындай киножумалыктар жылына уюштурулат. Консулдуктун маалымат катчысы Алберт Мамыровдун билдиргенине караганда, негизги максат Орусиянын маданияты менен тааныштыруу жана алаканы чыңдоо.

- Мына ушундай маданий иш-чаралар карым-катышты чыңдап, жакындашса, ошону менен бирге орус маданияты менен тааныш болсо дейбиз.

Кыргызкино департаментинин Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Адылбек Сарыбаевдин айтуусунда, Ош жергесинде бир эле Орусиянын эмес, башка да мамлекеттердин киножумалыктары өтүп турат.

- Буга чейин Индонезиянын кинолорунун жумалыгын уюштурдук. Келерки жылкы өтүүчү жумалыктар туурасында Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Кыргыз кинодепартаментинин жетекчиси Абибила Пазыловдун айтуусунда бир эл менен экинчи элди жакындаштырууда кинонун ролу чоң:

-Андыктан биз Кыргызстандагы бардык элчиликтер менен кызматташып, жаңы тартылган жана эски фильмдерин көрсөтүп турганга аракет кылабыз. Мындай нерсе элчиликтердин өздөрү да кызыкдар. Атап айтканда АКШнын элчилиги менен биргелешип киножумалык уюштурдук, Польшаныкы өттү. Учурда Иран Ислам Республикасынын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, даярдыктарды көрүп жатабыз.

Ош шаарында жүрүп жаткан Орусиянын консулдугу уюштурган балдар тасмаларынын киножумалыгы 17-декабрга чейин созулат. Андан кийин жаңы-жылга арналган маданий иш-чаралардын өтөрү күтүлүүдө.

"Азаттыктын" архивинен: Голливуд тасмалары кыргыз тилинде сүйлөйт

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы "Кыргыз керемети: Кечээ, бүгүн, эртең" деген темада болду. Анда кыргыз киносунун азыркы абалы кеңири талкууга алынды. ZMa, JA, MiT.

XS
SM
MD
LG