Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Аптанын маданий окуялары


Белгилүу комузчу Нурак Абдракманов шакирттери менен
Белгилүу комузчу Нурак Абдракманов шакирттери менен

Кожомкул атындагы спорт ордосунда казак ырчылары концерт беришти.

  • Дүйшөмбү күнү өткөн кечеде Казакстандын “Муз-Арт” тобу жаш ырчылары жана казак эл артисти, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Алтынбек Корозбаев жандуу үн менен ырдашты. Концерт эки саатка созулду.

  • Шейшемби,шаршемби күндөрү орустун белгилүү ырчысы, “Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатуновдун концерти өттү. Орус ырчысы Бишкекке “Ажар” эстрада тобунун чакыруусу менен келген.

  • Бейшембиде Ош шаарында Орусиянын консулствосу уюштурган балдар фильмдеринин киножумалыгы жыйынтыкталды. Орусиянын консулствосу уюштурган киножумалыктын алкагында балдарга союз учурунда тартылган жана жаңы тасмалар менен бирге мультфилмдер көрсөтүлдү. Ал эми жумалыкка Ош шаарындагы Ломоносов, Маркс, Макаренко атындагы мектеп окуучулары чакырылган.

  • Белгилүү комузчу Нурак Абдрахмановдун эки бөлүктөн турган китеби жарык көрдү. Эмгектин биринчи бөлүгүндө автордун күүлөрү, экинчи бөлүктө белгилүү комузчулар Токтогул, Атай, Болуш, Карамолдонун чыгармалары кирген.

  • “Алтын глобус” сыйлыгына талапкерлердин акыркы тизмеси жарыяланды. Ага ылайык мыкты драмалык фильм номинациясына Джеймс Кэмерондун “Аватор” фильми ат салышат.

  • Петербургда “Дуель” театралдык фестивалы жыйынтыкталды. Бул фестивалга Москва, Петербург, Красноярск, Перм, Казань, Екатеринбургдун театр труппалары катьшкан. Бул иш-чара менен катар эле “Балтия үйү” театрында чет элдик спектаклдер менен тасмалар көрсөтүлгөн.

  • Москвадагы Сергей Ейзенштейн атындагы кинокөркөм өнөр китепканасында “Кинематографиялык Чехов” аттуу фестиваль ачылды. Бул иш-чара классиктин туулган күнүнүн 150 жылдыгына карата уюштурулган.
XS
SM
MD
LG