Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

31-декабрда борбордук аянтта Бишкек шаардык мериясы уюштурган маданий иш-чара болот.

Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Малик Ракишев кабарлагандай, анын алкагында аяз-пта аяз-кыздардын салтанаттуу жүрүшү болот. Алар борбордук аянтта кичинекей бөбөктөргө белектерди тапшырышат.

Буга чейин борбордун жаңы-жылдык жасалгасы архитектура кызматы тарабынан жасалып келген. Ал эми бул жылы Бишкек шаардык мериясы атайын сүрөтчү, дизайнерлерге сынак жарыялап, ошонун негизинде улуттук оймо-чиймелер менен чегерилген жасалагалар менен кооздогон. Аянтта тургузулган бийиктиги 22 метрди түзгөн балатынын бутактары тирүү арчадан куралган. Шаардык мерия кабарлагандай бул жылы жасалгалоо иштерине 6 млн. сом каралган.

Эртең 31-декабрда борбордогу эс алуу жайларында да майрамдык программалар өтөт. мындай жайлардын жетекчилеринин айтуусунда, майрамдык программа көңүл ачуучу оюн-зоокторду камтып, белек берүү жөрөлгөсү менен коштолот. Ал эми Ош шаарында эртең “Аралаштын азил тамашасы” аттуу долбоордун жыйынтыктоочу концерти болот. Бул кечеде күнүмдүк турмушта болгон ар кыл окуяларды чагылдырган сатиралар тартууланат

31-январда айрым ырчы-чоорчулар да ар кыл мекемелерди кыдырышып, жаңы-жылдык куттуктоолорун айтышып, ыр сунушат. Алардын катарында куудул Борончу Кудайбергенов да бар. Анын айтуусунда бул жылы да жаңы-жылды үй-бүлөсү менен тоспой, атайын чакырылган жерлерге барып, майрамдык кечелерди алып барат.

Жаңы жылдык иш-чараларды борбордук аянтта салтка айланган, асманга атылган салюттар жыйынтыктайт.
XS
SM
MD
LG