Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Аптанын маданий окуялары


Жаңырган жылдын май айында Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюму 75 жылдык мааракесин белгилейт.

  • Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюмунун 75 жылдык мааракесине карата көргөзмөлөр уюштурулуп, кыргыз сүрөтчүлөрү чет элдик кыл калем чеберлери менен пленерге чыгышат.

  • Кыргыз Республикасынын жаштар иши боюнча департаменти жарыялаган Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи март айында болот. Байгелер 11 номинация боюнча ыйгарылып, ар бир жеңүүчүгө диплом жана 40 000 сом ыйгарылат.

  • Пермьде бул жумада муз айкелчилиги боюнча фестиваль уюштурулду. “Улуу жеңиштин мураскорлору” деп аталган бул иш-чарага 16 жаштан 25 жашка чейинки айкелчилер катышып, Улу Ата Мекендик согушту чагылдырган эмгектерди жаратышкан.

  • Орус режиссеру Павел Лунгиндин “Царь” аттуу тасмасы Францияда көрсөтүлөт. Маалыматтарга караганда Канн кинофестивалында жакшы баага татыган орус режиссерунун бул тасмасын жергиликтүү тургундар чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

  • Москвада бул жумада “Кайрылуу” деген аталыштагы камералык музыканы 13- фестивалы жыйынтыкталды. Иш чара салтка айлангандай талапкерлердин чоң программадагы концерти менен жыйынтыкталган.

  • Эрмитаж музейине кирүү үчүн четтен келгендерге билеттин баасы кымбаттады. Буга чейин башка өлкөнүн жарандары музейге 350 рубль менен киришсе, эми мындан ары 400 рубль болот.

  • Лос-Анжелестеги заманбап көркөм өнөр музейинин жетекчилигине Джефри Дейтч дайындалды. Аны талапкерлигин музей жетекчилеринин кеңеши колдогон. Ал буга чейин бир галереяны жетектеген.
XS
SM
MD
LG