Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Белгилүү адабиятчы Абдыкадыр Садыков жаңы басылып чыккан “Жоомарт, Чыңгыз жана Шайлообек” аттуу монографиясында Жоомарт Бөкөнбаевдин, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыктарын залкарлар катары иликтеп, алардын катарына Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди да кошот.

2008-жылы белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, Кыргыз илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү Абдыкадыр Садыковдун “Кыргыз залкарлары” аттуу беш томдугу басылып чыккан.

Жаңы чыккан “Жоомарт, Чыңгыз жана Шайлообек” аттуу китебине андагы изилдөөлөргө кошумча темалар боюнча иликтөөлөр киргизилди. Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы боюнча ой жүгүртүүлөр болсо алгачкы жолу берилип жатат.

Адбыкадыр Садыков алгач Шайлообек Дүйшеевдин публицистикалык поэзиясына токтолду:

- Шайлообекти баарыбыз эле жакшы билебиз, кандай акын экенин. Ырларында абдан күчтүү сатиралык деталдары бар. Шайлообек “Кайдыгерликте” бардыгыбыздын кемчилигибизди айтып жатат. Анан эми тиги чоң залкарлардын артына атын атап кошкон себебим – Шайлообек деле залкарлардын бири болуп калды. Кеп анын поэзиясынын залкарлыгында.

- Эчтеке болбойт дейсиң,
Ысык-Көл кириң жуучу самын сага,
Тян-Шан ак кой баку жайыт сага,
Ош деген коон-дарбыз сайран сага,
Бул дүйнө майрам сага...

- Там салганга кыш койбостон,
Чуркап бара жаткандарга бут койгонду,
Кайдан алдык үйрөнүп...

Актыкты күсөп туруп,
Айланып өтчү болдук.
Очоктой түтөп туруп,
“Биз отбуз” деп айтчу болдук...

Дагы бир белгилүү сынчы-адабиятчы Санарбек Карымшаковдун пикиринде, Шайлообек Дүйшеевдин айрым ырлары элдик ырларга айланып кеткен. Себеби акын эл көйгөйүн, эл мүдөөсүн жүрөк сыдыргысынан өткөрүп, учурдун күрөө тамырын кармап жазат:

- Шайлообек Дүйшеев 70-80-жылдары келген толкундун эң таланттууларынын бири да. “Кайдыгерлик” жыйнагы чыгары менен элге алынып кетпедиби. Акындык жөндөмү, алган тематикасы, сөздөрүнүн таасындыгы, таамайлыгы менен айырмаланып турат.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин учурда Алтай тууралуу жана “Манас” боюнча “Эки дөөнүн күрөшү” чыгармалары жазылып бүтүп, басмага даярдалууда.

Акын “Азаттыктын” угармандарына кеч күздү сүрөттөгөн ырынан үзүндү окуп берди:


- Кан жолдун какшып көздөрү,
Калыңдап булут көчкөнү,
Кар жаачу күндү эстетет,
Карганын чуусу көктөгү...

Арыктап токой, тал жүдөп,
Албырып аккан сай күйөт,
Айыпсыз бейит алдында,
Акырын оттоп мал жүрөт...

Абдыкадыр Садыков сөз соңунда Шайлообек Дүйшеевдин поэзиясындагы жогорку көркөмдүүлүктү жана сүрөттүүлүктү да белгиледи:

- Поэзияны поэзия кылып турган эң башкы белгилер – көркөмдүүлүк менен сүрөттүүлүк. Мына ушул каражаттар анын поэзиясынын башкы белгиси.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG