Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

18-19-февраль күндөрү Улуттук филармонияда “Акындар акты сүйлөсө” аттуу өнөр-азем кечеси өтөт. Кечеде белгилүү манасчылар, төкмөлөр жана комузчулар өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кеченин максаты – кыргыз көркөм өнөрүнүн кыйырларын даңазалоо.

“Элибиздин келечеги – касиетинде” нуктуу жүрүшүнүн алкагында өтө турган “Акындар акты сүйлөсө” өнөр азем кечесинде белгилүү өнөр ээлери Замирбек Үсөнбаев, Табылды Актанов, Самара Токтакунова, Элмирбек Иманалиев, Нурак Абдракманов, Намазбек Уралиев, Талантаалы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыковдор катышат.

Аталган кече “Бакдөөлөт” коомдук фондунун демилгеси менен Маданият мамлекеттик агенттиги жана Мамлекеттик Филармония менен биргеликте өтүп жатат.

“Акындар акты сүйлөсө” өнөр-азем кечесинин максатын “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев төмөнкүчө белгиледи:

- Жашыруун эмес, глобалдашып жаткан бүгүнкү күндө өлкөбүздү Батыштын маданияты, дүйнө таанымы каптады. Жаштарыбыз улуттук каада-салттардан, улуттук дүйнө таанымдан алыстап баратат. Биздин максат - улуттук көөнө өнөрүбүз, көөнө маданиятыбыз менен жаштарыбыздын сезим-туюумун ойготуу.

Мелис Мураталиевдин айтымында, “Элибиздин келечеги – касиетинде” нуктуу жүрүшүнүн алкагында өтүп жаткан “Акындар акты сүйлөсө” өнөр азем долбоору жаш таланттарды аймактардан издеп табуу жана аларды борборго алып келип окутуу жактарын да колго алмакчы:

- Биздин максатыбыз ушул эки күндүк концерт менен эле бүтпөйт. Нуктуу жүрүш менен аймактарды кыдырып, ал жактагы элибизге да өнөр тартуулайбыз. Ошону менен бирге таланттарды да таап кайтабыз жана аларды Бишкекке алып келип окутуу жагын да колго алмакчыбыз. Акындык өнөрдүн мектебин ачуу керек. Мындай мектеп эч бир окуу жайда жок.

Кийинки учурларда кыргыз элинин нукура көркөм өнөрлөрү көбүнесе коомдук фонддор тарабынан колдоого алына баштады.

Республикалык коомдук “Айтыш” фонду сыяктуу аймактарда да мисалы Жалал-Абадда “Жез таңдай”, Ошто “Ак таңдай” жана дагы башка аймактарда мына ушундай төкмөлордүн, комузчулардын, манасчылардын башын бириктирген бирикмелер түзүлүүдө.

“Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Шайырбек Абдракмановдун айтымында мындай чыгармачыл фонддордун көп чыгышы жакшы көрүнүш, бирок аларда таланттуу акындарды жеке бир топтун кызыкчылыгына иштетүү кызыкчылыгы болбосо:

- Кийинки убакта көп көңүл бурулбай бараткан акындык өнөрчүлүк жандана баштады. Акындарыбыздын да эл ичинде кадыр-баркы өсө баштады. Мына ушундай чакта акындарды өз жеке кызыкчылыгына пайдаланууга аракеттенген адамдар, топтор болот. Бул туура эмес. Анда эле элдин руханий байлыгына жаткан акындыктын кадыры кетет.
XS
SM
MD
LG