Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Аптанын маданий окуялары


У. Шекспир
У. Шекспир

30-мартта улуттук филармонияда “Ак марал” мамлекеттик бий ансамблинин концерти өтөт.

Кечеде улуттук бийлер, бийчилердин жеке номурлары тартууланат. Топтун көркөм жетекчиси Мелис Асылбашевдин айтымында, ансамблдин репертуарында 70тей бий бар.

31-мартта орус драма театрынын артисттери У. Шекспирдин чыгармасынын негизинде сахналаштырган “Ромео жана Жульетта” спектаклин тартуулайт.

1-апрель - Күлкү күнү. Бул күндүн урматына Бишкекте белгилүү куудул Назира Жетигенова эки күнгө созулган концертин тартуулайт. Куудулдун айтуусунда бул кечени бир катар ырчы-чоорчулар коштойт.

Улуттук опера жана балет театрында бул жумада Адольф Адандын “Жизель” балети коюлат. Аны менен катар 4-апрелде Чайковскийдин “Ак кууулар” көлү балет тартууланат. Маалыматтарга караганда айтылып өткөн оюндар Москвадан келген артисттер Кристина Кретова жана Артем Ячменниковдун катышуусунда коюлмакчы.

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров “Арманым лира” аттуу тасма тартууну көздөөдө. Режиссер учурда тасмага актерлорду тандоодо.

Ольга Мануйлованын үй музейинде литография жанрында тартылган эмгектердин көргөзмөсү жүрүүдө. Анда сүрөтчүлүк окуу жайында билим алып жатышкан жаш кыл калем чеберлеринин эмгектери коюлган.

Бишкектеги М галереясында сүрөтчү Сансызбек Мирзираимовдун жеке көргөзмөсү ачылды. “Менин эскерүүлөрүмдүн мелдодиясы” деген аталыштагы бул көргөзмөгө сүрөтчүнүн 30дан ашуун живописттик иштери коюлган. Бул эмгектер он жыл аралыгында тартылып, ата мекен, туулган жер темаларын камтыган.

Кыргыз-артекс көркөм өнөр борборунда “Биздин шаарда жаз” аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө Кыргызстандагы 30дан ашуун сүрөтчү айымдардын эмгектери коюган. Ал иштер сүрөт өнөрүнүн живопись, графика жана башка жанрларында тартылган
XS
SM
MD
LG