Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Көркөм адабият - көөнөргүс кенч


Бишкектеги “Хан Теңир” басмасы улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манасты” басып чыгарат. “Ала-Тоо” журналында адабий чыгармаларга жарыяланган сынак уланууда. “Бийиктиктен” “Айкөл Манастын” он томдугу кайра басылып чыгат.

Кечээ жакында манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы 180 миң саптан ашык 7 кило салмагындагы “Манасты” басып чыгарган Бишкектеги “Хан Теңир” басмасы эми манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манасты" чыгарат. Бул тууралу аталган басманын директору Айнагүл Алымжанова кабарлады:

- Сагынбай атанын “Манасын” чыгарып, эми Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" эпосун чыгаралы деп жатабыз. А негизи кыргыз элинин руханий көөнө көркөм дөөлөттөрүн четинен баса берүүнү максат кылып жатабыз.

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын май айындагы саны журналдын бир жылдыгына арналып чыгып жатат. Мааракелик санга жазуучу Муса Мураталиевдин “Манас айтуу” романынан, Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Шахитка” романынан үзүндүлөр басылууда.

Күз айынан бери “Жаңы Ала-Тоо” журналында көркөм чыгармаларга сынак жүрүп, сынакка келген чыгармалар басылууда.

Журналдын баш редактору Айдарбек Сармамбетов сынакка келип жаткан чыгармалар көп болуп жатканын белгиледи:

- “Жаңы Ала-Тоо” журналы жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрүнүн китептерин бекер басып чыгарабыз. Сынак адеп жарыяланганда сынакка делген чыгармалар азыраак болуп жаткан болсо, сынактын мөөнөтү аяктаарга жакын чыгармалар көп келип түшүүдө.

2009-жылдын апрел-май айларында балдар үчүн жазылган көркөм чыгармаларга Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча сынак жарыяланып, жеңүүчүлөр аталган эле. Бирок балдар үчүн чыгармаларга ыйгарылчу Мамлекеттик сыйлык ушул кезге чейин лауреаттарга берилбей келгенин маалымдады “Азаттыкка” аталган сынактын сыйлыктарды кароо тобунун төрагасы, Кыргыз эл жазуучусу Токтосун Самудинов:

- Сынактын жеңүүчүлөрү жабык аныкталган болчу. Жеңүүчүлөр толук татыктуу авторлор эле. Үч авторго 50 миңден 150 миң берилмек. Өкмөткө мунун кыйынчылыгы деле жок эле. Бирок бир жыл убакыттан бери ушул акча берилбей келди. Убагында сыйлыктар берилип турса, чыгармачыл адамдарга моралдык да, материалдык да колдоо болмок.

Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан болсо кыргыз классик акындарынын тандалмалары жана Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китебинин 10 томдугу кайрадан басылмакчы. Бул тууралу “Азаттыкка” “Бийиктиктин” директору Жумадин Кадыров кабарлады:

- Кыргыздын классик акындары Алыкул Осмоновдун, Жолон Мамытовдун жана Турар Кожомбердиевдин тандалмаларын басууга даярдап жатабыз. Ошондой эле Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китебинин он томдугу кайрадан басылууда. Он томдук май айында басылып чыгып калат.

XS
SM
MD
LG