Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Аптанын маданий окуялары


Драматург Султан Раев "шериктештиктин жылдызы" сыйлыгын алды
Драматург Султан Раев "шериктештиктин жылдызы" сыйлыгын алды

Жакынкы арада киносүйүүчүлөрү жаңы кыргыз тасмасына күбө болушат. Драматург Султан Раев «Шериктештиктин жылдызы» сыйлыгына татыктуу болду.

Манас эпосундагы “Каныкейдин Тайторуну чабышы” эпизодунун негизинде “Айтыш” киностудиясы “Тайтору” аттуу анимациялык тасма тартып баштады. Бул фильм кыргыз кинематографиясынын тарыхындагы "Манас" эпосуна арналган алгачкы эмгек болмокчу.

Драматург Султан Раев «Шериктештиктин жылдызы» сыйлыгына татыктуу болду. Ага бул сыйлыкты Орусиянын Федерация Кеңешинин төрагасы Сергей Миронов тапшырды. С. Раев менен бирге сыйлыкка ээ болгондордун катарында тышкары А.Пахмутова, Д.Тухманов сыяктуу композиторлор бар.

М. Жангазиев атындагы куурчак театры Тажикстанда өтүүчү театралдык фестивалында өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бул тууралуу аталган театрдын жетекчиси Темирлан Сманбеков кабарлады. Анын айтуусунда артисттер буга чейин Татарстанда өткөн фестивалга катышып, байге менен кайтышкан.

Белгилүү ырчы Уитни Хьюстон Британияда концерт берди. Айрым маалымат булактарына таянсак ырчынын күйөрмандары бул кечеге кеткен акчасына ичтери ооруп калган. Себеби Хьюстандын ырдаганы көрөрмандарды канаттандырган эмес.

Орусиядагы музейлерден 175 миң экспонат жоголгон. Бул нерсе аталган өлкөнүн маданият министри Авдеевдин музейлерге жүргүзгөн текшерүүдөн соң дайын болгон. Негизинен жалпы музей экспонаттары 70 млндон ашат. Ал эми жоголгон иштер экинчи каттарда турган, өтө баалуу эмес эмгектер болгон.

Абройлуу “Чоң китеп” адабий сыйлыгына талапкерлердин тизмеси такталды. Ага ылайык 37 автордун басылып чыккан эмгектери жана 12 автордун кол менен жазылган иштери кирген.
XS
SM
MD
LG