Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Кыргыз китеби кандай чыгууда?


Атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары

Атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк Китеп күнү. Статистикалык маалыматка ылайык өткөн жылы Кыргызстанда 900 аталышка жакын китеп чыкты. Бирок адистердин пикиринде ал китептердин көбүнүн ички мазмуну талапка жооп бербейт.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта мамлекеттик китеп тармактары да ыдыроого учурап, учурда негизинен жеке менчик басмалар гана иштөөдө. Алар көпчүлүк учурда кол жазмалардын ички мазмунуна көп көңүл бөлбөй, акча төлөгөн кардарлардын кол жазмаларын толук редакциялабай басышууда. Андыктан начар кол жазмалар да китеп болуп чыгууда.

Кыргыз китеп палатасы, аталган мекеменин директорунун орунбасары Кален Сыдыкованын айтымында, китептердин мазмундук, көркөмдүк сапаттарына карата мамлекеттик көзөмөл болбогондуктан, начар китептерди да каттоого алууда:

- Басылма иши боюнча мамлекеттик стратегиянын, мамлекеттик системанын жоктугунан, көптөгөн жеке басылмалар ачылбадыбы. Алар эми автор канча акча төлөсө, ошого жараша чыгара берет. Буларга мамлекеттик көзөмөл да жок.

Ал эми алардын мазмуунуна киришүүгө бизде укук жок. Андыктан биз Кыргызстанда басылып чыгып жаткан бардык китептерди каттого алабыз.

Айрыкча он жылдай убакыт Кыргызстанда балдар китептери чыкпай калды. Соңку эки-үч жыл ичинде Бишкекте балдар китептерин басып чыгарууга “Кут аалам”, “Азур” басмалары адистешип иштей баштады. Бирок Кален Сыдыкова кечээ жакында “Нур Эл” гезитине “Азур” басмасынан басылып чыгып жаткан балдар китептерине карата сын макаласын жарыялаган. Бул тууралу Кален Сыдыкова “Азаттыкка” оюн мындайча билдирди:

- Кечээ жакында Билим берүү министрлиги тарабынан Бишкектеги “Азур” басмасынан бала бакчадагы балдар үчүн “Дил азык” сериясы менен бир топ китептер чыкты. Мына ошол китептер китеп басуунун мамлекеттик стандартына туура келбейт, биринчиден. Экинчиден, ал китептерге тартылган сүрөттөр кыргыз элинин улуттук ар-намысына шек келтирет. Мисалы ал китептерге кыргыз балдары баштары чоң, буттары узун, маңыроо чалыш тейде тартылган. Ошондой эле кыргыз эпосторунун каармандары да мына ушундай көрүнүштө сүрөткө алынган. “Азур” менин макалама жооп берелек азырынча.

Мына ушул “Азур” басмасынан балдар үчүн китептери басылып чыккан белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рыспаев “Азаттыкка” – “Азур” басмасында китептерди жасалгалоодо кемчиликтер кеткен болсо да, “Азур” улуттук көөнө чыгармаларды басып чыгарууда алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи:

- “Азур” чыгарган китептердин мазмуунунда эч кине жок. Полиграфиялык аткарылышы жакшы. Сүрөттөрү, менин оюмча, атайын кыргыз элин келекелеш үчүн эмес, ал жерде балдар китептерине адистешпеген сүрөтчүлөр болгондуктан, начар болуп калууда. Эми көч бара-бара түзөлөт эмеспи.

Бул жерде балдар үчүн китептер келечек муунду тарбиялоочу кызмат аткара турган таасирдүү каражат экендигин айта кетели. Ал эми жаш балдар китептин ичиндеги сөзгө чейин андагы сүрөттөргө көңүл бурат. Жаш балдардын дүйнө таанымы көркөм сүрөт аркылуу өсүп отурат.

Балдар жазуучусу Сулайман Рыспаевдин пикиринде кыргыз китебине мамлекеттик камкордук да, мамлекеттик көзөмөл да зарыл:

- Эми эмки өкмөттөн үмүт бар. Мурдагы каталыктарды жоюп, түбү жүрүп мамлекетибиздин кубаттуулугу бала тарбиясынан башталарын сезсек жакшы болор эле.

XS
SM
MD
LG