Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Кыргызстанда алгачкы балдар опереттасы жазылды.

Композитор Турдубек Чокиев жана "Ак шоола" балдар хорунун жетекчиси Гулмира Эсенгулованын калемине таандык бул чыгармада эл-жерди сүйүү, мекенди урматтоо сыяктуу патриоттук сезимдер камтылган. Жалпысынан 50 бала катышкан спектаклдин бет ачары 30-майда улуттук опера жана балет театрында, 1-июнда "Сейтек" балдар үйүндө өтөт.

Алматыда өткөн «Шакендин жылдыздары» аттуу эл аралык кинофестивалда кыргызстандык эки жаш кинорежиссер байгелүү орундарга ээ болушкан. Эльнура Осмоналиева жана Алижан Насыровдор жаңы жараткан тасмалары менен ар кыл номинациянын ээси болушту.

Бул аптада Бишкектеги музыкалык окуу жайлардын ортосунда музыкалык фестиваль өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш таланттар ар кыл багыттар боюнча ат салышты. Уюштуруучулар билдиргендей фестивалдын жыйынтык концерти 1-июнь - Балдарды коргоо күнүндө өтөт.

Бул жумада Новгород шаарында француз тасмаларынын жумалыгы өттү. Орусияда Франция жылынын алкагында уюштурулган иш-чарада белгилүү француз режиссерлорунун соңку үч жыл аралыгында тартылган, көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыган тасмалар көрсөтүлгөн.

Курск шаарында көркөм өнөр жана адабияттын фестивалы өтөөрү күтүлүүдө. Ага Орусия, Украина, Беларуссиядан 130дай жазуучу катышмакчы. Улуу жеңиштин 65 жылдыгына карата уюштурулган фестиваль 3-июндан тарта 5-июнга чейин өтмөкчү.

Париждеги көркөм өнөр галереясынан Анри Матисс, Пабло Пикассо жана башка белгилүү сүрөтчүлөрдүн 5 эмгеги уурдалган. Маалыматтарга караганда, ал сүрөттөрдүн баасы 5 млн. еврону түзөт.
XS
SM
MD
LG