Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Режиссер Темир Бирназаровго Ирандын эл аралык сыйлыгы ыйгарылды


6-июлда Тышкы иштер министрлигинде белгилүү режиссер Темир Бирназаровго Иран мамлекетинин эл аралык сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык кинорежиссердун кыргыз каада-салты жөнүндө тартылган “Парз” кыска метраждуу фильмине берилди.

Темир Бирназаровго Иран мамлекетинин “Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн эң мыкты фильми” номинациясындагы эл аралык сыйлыгы 2007-жылы эле ыйгарылган экен.

Бирок Темир Бирназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче сыйлыкты уткандыгы тууралуу тасманын авторуна же кыргыз тараптан же Иран жактан маалымат болгон эмес.

3 миң евро өлчөмүндөгү бул сыйлыкты Темир Бирназаров капыстан сыйлык уткандардын тизмесин карап отуруп көрүп калбаса, балким азыр да албас беле, ким билет:

- Мен анан өзүмдү уткандардын тизмесинен көрүп калып, муну такташ үчүн Иранга кат жаздым. Алар утканымды тактап беришти. Бирок биздин элчиликке барсам, бизде мындай маалымат жок дешти. Ошондон кийин анан Кыргызстандагы Ирандын элчилигине кайрылдым.

Темир Бирназаров чыгармаларында руханий байлыктын, көркөм насилдин түбөлүктүүлүгүнө, наркына, анын салтанат курушуна арналган философиялуу ой тутумдарды даңазалап келатат.

Темир Бирназаровдун айтымында, бул сыйлык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин тынымсыз аракеттеринин натыйжасында алынды.

“Парз” кыска метраждуу фильмиинин өзөгүндө да элдик каада-салттардын табият менен жакындыгы, андыктан алардын баалуулугу жана түбөлүктүүлүгү көтөрүлгөн:

- Бүгүн мына ааламдашуу учурунда майда элдердин тили, каада-салттары жок болуп кетүү алдында турат. Ааламдашуу акырындан улуттук баалуулуктарды сүрүп келатат. Мына ушул темага арналган. Каада-салттын жаманы жок, ал уюткуну сактоону ойлонушубуз керек.

Темир Бирназаровго Иран мамлекетинин эл аралык сыйлыгын тапшырган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин статс катчысы Асеин Исаев кыргыз кино таланттарынын эл аралык кино айдыңындагы жеңиштерин белгиледи:

- Бизде таланттар көп. Мамлекетибиз белгилүү жагдайлардан таланттарыбызды татыктуу баалай албай да келатат. Мисалы, чет өлкөлөрдө жылына 50 гө жакын фильм, анан бизде Кыргызстанда 2 тасма тартылса, ошол эки кинобуз эл аралык фестивалдарда сыйлык утуп алып жатпайбы.

Алдыда Темир Бирназаров “Сардал кыз” аттуу көркөм тасманын үстүндө иштеп жатат. Азырынча туура келген башкы каармандар табылбай жаткандыктан, Темир мырза фильмге тартылууга 20 жаштан 25 жашка чейинки кыргыздын улан-кыздарын келип кастингге катышууга чакырууда.

Темир Бирназаровдун кезектеги бул фильминде да коомдун, адамдын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, чынчылдыгы үчүн болгон күрөш даңазаланат.
XS
SM
MD
LG