Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Бишкекте талаштуу баннерге каршы жарнак алынды


Бишкектин борбордук көчөлөрдүн биринде “Кайран элим, кайда баратабыз?!" жазуу менен башкача сүрөттөгү баннер алынды. Бул тууралуу борбордун мэриясынан кабарлашты. Аталган баннерде кыргыздын улуттук кийимин кийген жана европалык стилде кийинген кыздардын сүрөтү илинип, “Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуу жазылган.

Маалыматка ылайык, шаардын Байтик баатыр-Горький көчөлөрүндөгү аталган жарнак илинген жер “Коңурбаев” аттуу жеке ишканага таандык болгон. Аталган ишкана баннерди башка адамга ижарага бергенин билдирип, талаштуу жарнакты алып салууга убада берген.

Буга чейин коомдо кызуу талаш жараткан баннерлер алгач Бишкек шаарында илинген. Анда улуттук кийимдеги аялдардын, бети-башын жоолук менен жаап, көзүн гана ачык калтырган кыз-келиндердин, ошондой эле чүмкөнгөн зайыптардын сүрөтү жайгаштырылган. Буга айрым адамдар каршы чыгып, мусулмандардын ишенимине шек келтирүү катары баалашкан.

Ошол эле маалда коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктар зарыл деген пикирлер да айтылган. Президент Алмазбек Атамбаев бул демилгени колдоп, андай баннерлерди бүт Кыргызстанга илүүнү тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG