Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Москвадагы кырсыкта каза тапкан кыз-келиндердин тизмеси жарыяланды


27-августта Москвада басмаканадагы өрт кырсыгында өмүрү кыйылган кыз-келиндердин тизмеси жарыяланды.

1. Абдумаматова Айчүрөк, 1990-жыл, Ош облусу,

2. Абдаким кызы Айкөл, 1993-жыл, Ош облусу,

3. Абдуганиева Жаркынай, 1982-жыл, Баткен облусу,

4. Алабердиева Кыял, 1986-жыл, Ысык-Көл облусу,

5. Азимжан кызы Махигул, 1995-жыл, Жалал-Абад облусу,

6. Базарбай кызы Айсулуу, 1993-жыл, Ош облусу,

7. Бообекова Гулбара, 1971-жыл, Чүй облусу,

8. Жумадылова Нурай, 1998-жыл, Ысык-Көл облусу,

9. Камчыбекова Алмаш, 1998-жыл, Ош облусу,

10. Канатбек кызы Алина, 1994-жыл, Баткен облусу,

11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 1995-жыл, Ош облусу,

12. Маматкасымова Индира, 1977-жыл, Ысык-Көл облусу,

13. Раимкулова Динара, 1983-жыл, Жалал-Абад облусу,

14. Топчиева Алина, 1994-жыл, Ош облусу.

Москвадагы өрт 27-августта эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. ТИМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык.

XS
SM
MD
LG