Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Акаев: Учурдагы кыргыз-өзбек мамилесине өкүнүп турам


Конференциянын катышуучулары
Конференциянын катышуучулары

Бул тууралуу Кыргызстандын 2005-жылы бийликтен четтетилген президенти Аскар Акаев Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Москвада өткөн жыйында билдирди. 28-августта Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык илимий коомчулук Эгемендиктин 25 жылдыгына карата конференция өткөрдү. Анда 2005-жылы бийликтен кулатылган президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, өлкөнүн көз карандысыздыкка жетишүүсү, андан кийинки башынан кечирген жылдары тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан азыркы башынан кечирип жаткан убакты да белгилеп, кыргыз бийлигинин айрым аракеттерин сынга алды:

- Кошуналар менен жакшы мамиледе болуш керек. Мен учурунда Каримовго өзүм барып, газды арзан баада алып келчүмүн. Азыр эки өлкө ортосунда мамилени көрүп, капа болуп турам. Менин учурумда бардык өлкөлөр менен күчтүү дипломатиялык мамилелер түзүлгөн.

Конференциянын катышуучулары
Конференциянын катышуучулары

Кыргызстан көз карандысыздыкка 1991-жылы жетишкен. Аскар Акаев президент болуп турган учурда Башмыйзам бир нече жолу өзгөртүлүп, Үзөңгү-Кууш Кытайга берилген. Ага каршы чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров камакка алынып, аны бошотуу талабы менен жүрүшкө чыккан Аксынын элине карай ок атылган. Натыйжада беш киши окко учуп, бирөө милициянын токмогунан каза тапкан.

2005-жылы 24-мартта Аскар Акаев бийликти таштап, үй-бүлөсү менен Москвага качууга аргасыз болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG