Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Президент "экс-акжолчуларды" зекиди


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев “Газпром” ишканасы курган Бишкектеги спорт комплексинин ачылышында Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткандарды сындады.

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы спорт комплекстин ачылышы президент Атамбаевдин саясый билдирүүлөрү менен коштолду. Президент өз сөзүндө Орусиянын көптөгөн министрликтери Кыргызстанга далысын салып кетсе, “Газпром” макулдашылган долбоорлорду аткарып жатканын айтып, компаниянын жетекчиси Алексей Миллерди “Данакер” ордени менен сыйлады.

Кыргызгаз” ишканасы “Газпромго” 2014-жылы сатылып, “Газпром Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Ошондон бери өлкөнүн газ тармагын "Газпром" тейлейт. Компания инвестициялык долбоорунда 2020-жылга чейин өлкө боюнча 16 спорт комплексин курууну убада кылган.

"Бир доллар миллиард доллар алып келди"

Спорт комплекстин ачылышындагы сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызгазды" “Газпромго” сатуу эң туура чечим болгонун белгиледи:

- Биз эски, жаман сөздөрдү бат эле унутуп койобуз. Келдибеков бир сомго "Кыргызгаз" сатылды деп чыркырап жүргөнү эсимде. Ал “бир долларга мага деле сатпайт белеңер” деп жүргөн болчу. Келдибеков газ тармагына миллиард доллар инвестиция салат беле? Ал болгон акчаны үй-бүлөсүнүн байышына жумшамак.

Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан саясатчылардын бир тобун сындап, аларды көпчүлүгү Курманбек Бакиевдин командасында болгон деген оюн айтты:

"Газпром" курган спорткомплекс.
"Газпром" курган спорткомплекс.

- Азыр бийликти сындап жаткан “Бир бол” партиясындагы адам учурунда “Ак жол” партиясында кызмат кылып жүрчү. Бизди түндүк-түштүк альтернативдик жолго насыя алып жатканыбызды жылуу үйүндө отуруп алып сындап жатат. Ошол эле учурда башка айдоочулар жүк ташуучу автоунаа менен ашууда жүрөт. Сындагандардын катарында Бакыт Төрөбаев да бар. Булар дагы деле Бакиевдерге кызмат кылып жатат окшойт. Азыр Конституцияны сындап жатат, аларга өлкөнүн жарык болгонунун, жолдордун курулганынын кереги жок. Аларга мандат жана байлык керек.

Президент "Бир болдун" депутаттарын сынга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Референдумдан чыккан талаш

Бийлик ушул жылдын декабрь айында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө камынып жатканы маалым. Бирок Баш мыйзамды өзгөртүү аракети талаш-тартыштарды жаратууда.

Саясат талдоочу Турат Акимовдун оюнча, мына ушундай учурда бийлик Бакиевдин учурунда иштегендерди айтуу менен элде коркуу пайда кылгысы келет.

- “Ак жол” партиясынын адамдары деген бул эски бренд. Андыктан “акжолчулар” деп элди коркуткан туура эмес. Бүгүнкү күндө “акжолчулардан” коркууга эч бир себеп жок. Андагы адамдар ар кайсы партияларга тарап кеткен. Баары эле бир кезде Акаев менен Бакиевдин алдында иштеген да. Дүңүнөн алып эле аларга "жарлык" тага берген болбойт.

Атамбаев өз сөзүндө журналисттерди да сындап өттү. Маселен, белгилүү журналист Нарын Айыпты бийликти ашкере каралап жатат деп белгилеп, Бакиевдин учурунда журналисттерди өлтүрүп кеткен окуялар болуп келсе, азыр толук сөз эркиндиги бар экенин, бирок журналисттер ага да нааразы экенин кошумчалады.

"Эл душманын" издеп жатышабы?

Ал эми журналист Нарын Айып президент Атамбаев коомдогу орчундуу маселелер тууралуу ачык айтпастан, көйгөйлүү иштерди көтөргөндөрдү "эл душманы" катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат деген ойдо:

- Бизди Конституцияга каршы чыгып жатат деп коюп, өздөрү ачыктан-ачык мыйзамды, процедураларды бузуп жатат. Конституциялык палата башында бирди айтып, кайра башкача чечим чыгарды. Биз журналист катары ушуларды ачык айтып койгон үчүн эл душманы болуп калат экенбиз. Ар биринин атын айтып асыла берсе, бардыгы тууралуу бир нерсе тапса болот. Бирок бул аракеттер саясаттын деңгээлин түшүрүп жатпайбы.

А. Атамбаев жана А. Миллер
А. Атамбаев жана А. Миллер

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин парламенттеги "Ата Мекенден" башка беш фракция көтөрүп алып чыккан. Бирок долбоордун акыркы редакциясына кол коюудан “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын башчылары баш тарткан. Алар муну баштапкы сунушталган текст өзгөргөнү менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми оппозициялык «Референдумга-жок» кыймылы 8-октябрда Бишкекте форум өткөрүп, бийликти Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG