Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Казакстан оюнчуктарды текшерүүнү сунуш кылды


Оюнчуктар.
Оюнчуктар.

Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентине “Оюнчуктардын коопсуздугу” боюнча норма киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына киргизилген оюнчуктардын бардыгы “психологиялык-педагогикалык экспертизадан" өткөрүлгөндөн кийин гана сатыкка чыгарылат.

Эгер оюнчуктар агрессивдүү сезимдерди козгоп, зомбулук жана адеп-ахлак нормаларын бузса, аларды сатууга тыюу салынат. Айрым казакстандык ата-энелер мындай сунушка нааразылыгын билдиришүүдө. Анткени бул долбоор кабыл алынса популярдуу мультфильмдердин каармандары да дүкөн текчелеринен алынышы толук ыктымал.

Казакстандын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитетинин өкүлү Нуркан Садвакасовдун айтуусунда, мындай экспертиза Казакстанда 2008-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми байкоочулардын пикиринде, кошумча экспертиза оюнчуктардын баасынын көтөрүлүшүнө гана алып келет.

XS
SM
MD
LG