Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Ош: Бычакталган 13 жаштагы өспүрүм набыт болду


Ош шаарында 13 жаштагы мектеп окуучусу бычак жеп, набыт болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя набыт болгон өспүрүм жашаган үйдүн эшик алдында өткөн. Аны чогуу ойноп жаткан кошунасы бычак менен сайган. Жарааттан эсине келе албай 13 жаштагы өспүрүм каза болгон.

Набыт болгон мектеп окуучусу Оштогу белгилүү куудул Жеңишбек Айтиевдин уулу экени айтылууда. (BkA/YI)

XS
SM
MD
LG