Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Пианист жеке концертин маркум аялдын элесине арнайт


Пианист Азамат Сыдыков АКШда өтчү концертин сөөгү бир нече күн бою жерге берилбеген алабукалык баптист делген аялдын элесине арнайт. Бул тууралуу таанымал пианист өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Ала-Букада жергиликтүү элдин каршылыгы менен сөөгү жерге берилбей, эки жолу казылып алынып, кайра көмүлгөн маркум аялдын элесине Клейтондогу жеке концертин арнай турганын жазган.

“Өзүмдүн 22-октябрдагы жеке концертимди Каныгүл Сатыбалдиеванын жаркын элесине арнайм. Менин мекендешим, Кыргызстандын жараны, мээримдүү эне, аялзатына арнайм” деп жазган пианист маркумдун жакындарына көңүл айтып, мындайга жол бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигин сынга алды.

“Өз жарандарын улуту, ишеними, расасы жана саясий көз караштарына карабай, Баш мыйзам талап кылгандай алардын укуктарын коргоп бере албаган бийликти айыптайм” деп жазды Азамат Сыдыков.

22-октябрда АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Клейтон фортепиано фестивалында кыргызстандык пианист Азамат Сыдыковдун жеке концерти болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG