Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Грузияда НАТОнун машыктыруу борборуна куралчан адамдар кирүүгө аракеттенди


Грузин жоокерлери
Грузин жоокерлери

Тбилисинин четиндеги НАТОнун машыктыруу борборунун жанында куралчан бир адам атып өлтүрүлдү. 23-октябрда Грузия коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө бир нече киши биргелешкен борборго кирип барууга аракеттенишкен. "Кеминде бирөө куралчан болчу", - деп айтылат. Алар жайды кайтарган коопсуздук кызматкерлерге чабуул коюшкан. Окуя болгон жерге барган аскер кол салгандардын бирин атып өлтүргөн. Ал эми калгандары эмне болгону тууралуу маалымат жок. Грузиянын аскердик полициясы окуяны териштире баштады. Азырынча анын себептери белгисиз.

XS
SM
MD
LG