Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Өзбекстан 27 өлкөгө виза режимин жоёт


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Жекшембиде шайланган президент Шавкат Мирзиёев 6-декабрда тийиштүү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Австралия, Австрия, Британия, Германия, Италия, Канада, Люксембург, Голландия, Түштүк Корея, Сингапур, Финляндия, Швейцария жана Жапония жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алат. АКШ, Белгия, Франция, Польша, Венгрия, Португалия, Чехия, Индонезия, Кытай, Малайзия, Вьетнам жана Израилдин 55 жаштан жогору жарандары 30 күн визасыз жүрө алат. 27 өлкөнүн жарандары Өзбекстанга кирерде болгону 50 доллар төлөөгө тийиш. Жардык келерки жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. (AiT)

XS
SM
MD
LG